Айбат » Декларация боюнча өткөн жылы чыккан мыйзамдан майнап чыкпай жатат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Декларация боюнча өткөн жылы чыккан мыйзамдан майнап чыкпай жатат

Бекмамат уулу ТемирбекПрокуратура кызматкерлери өткөн жылдын декларациясын толтурушту. Мамлекеттик кадр кызматынын маалыматында, ноябрь айына чейин мамлекетти кызматкерлердин тизмеги толугу менен жарыяланат. Буга чейин 11 чоң эшалондогу кызматкерлердин тапкан кирешелерин тизмектеп берген. Анда президент Алмазбек Атамбаевден дагы анын аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев көп айлык алганы аныкталган. Бул жолкусун прокуратураны тизмектегени турабуз.

 

Башкы прокурор Аида Салянова 573 миң сом иштеп тапты

Башкы прокурор  2013-жылы 573 миң сом маяна алган. Маалымат чиновниктин бир жылдык кирешеси жана мүлкү боюнча тапшырган декларациясында көрсөтүлдү. Кыймылсыз мүлкү: 150 чарчы метр аянтты ээлеген үй. Автоунаасы боюнча маалымат берген эмес. Салянованын жакындары былтыр 3 миллион сом киреше табышыптыр. Аларга 2003-жылы чыккан Тойота Камри үлгүсүндөгү автоунаа таандык.

 

Аскердик прокурор Марат Эшперов унаасыз жүрөт

Башкы прокурордун орун басары, аскердик прокурор Марат Эшперов да жылдык кирешеси боюнча декларация тапшырды. Чиновник 2013-жылы 899 миң сом маяна алган.  Кошумча кирешеси жок. 52,6 чарчы метр аянтты ээлеген үйгө ээлик кылат. Эшперов автоунаасы, жакындарынын кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат берген жок.

 

Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманованыкы

Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова былтыр 506 миң 123 сом киреше тапкан. Тапшырган декларациясына таянсак, чиновниктин кыймылсыз мүлкү 74,9 чарчы метр аянтты ээлеген батир жана 641,3 чарчы метрлик жер тилкеси. Авто унаасы 2004-жылы чыгарылган Фольксваген Тouareg. Жакындарынын кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат берилген жок.

 

Башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулунуку

Башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулу 2013-жылы 456 108 сом киреше тапканын белгиледи. Чиновник документтеги кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкү жазыла турган жерди актай калтырган. Анын жакындарынын да жылдык кирешеси жана мүлктөрү тууралуу маалымат берилген эмес.

Декларация тапшыруу көптөн бери жүзөгө ашып келгени менен элдин ишенимине кире албай келүүдө. Буга мамчиновниктердин айткандары менен кылгандары бири-бирине дал келбей жатканы себеп. 2013-жылы чыккан мыйзамга ылайык, чиновниктердин туугандарынын да үй-мүлкүн тизмектөө анчейин ишеним жарата албаганын декларацияга көз жүгүртсөк эле билинип калууда. Ал эми мамлекеттик кадр кызматы болсо, бизде жана декларация боюнча түзүлгөн комиссиянын ыйгарым укуктары чектелип, колу-буту тушалып калганын айтып келет. Алардын айткандары боюнча, комиссия менен мамкадр кызматы биргеликте үй-мүлкүн териштирүү укугун бериш керек. Ошондо гана толук кандуу чындык ачыкка чыгат эле дешет.

Айбат гезити №78



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru