Айбат » Энелердин үнүнө кулак жапырган Дамира эже

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Энелердин үнүнө кулак жапырган Дамира эже

Ниязалиева ДамираБийликтин билермандыгы менен өкмөттүн өлөрмандагы курусун. Курулай кур шылтоолор менен элдин башын айлантып, элди экиге эмес жетиге бөлгөн жеп жутар бийлик өкүлдөрү. Бээ десе, төө деген төбөлдөр 5 күндөн бери бешенесин бетке такап, акыйкат издеп чаламандын чак түшү менен караңгынын кан түнүндө Жумгалда ачкачылык жарыялап отурган 20дан ашык энелердин ал акыбалдарын сурап койбогон бийлигиң кара жерге кирсин.

Көгөрүп көк беттенген, көргөнүн эстебеген эрээндерден эмне пайда. Суурулуп чыгып сук этип, уурданып чыгып ур токмокко алып, тартип сакчыларыңдын кылган кылыгы Кыргыздын кыйшык көз кылмышкерлери болду го.

Каарын төккөн Кара-Кечеде караан таппай кай берээн, кара тоонун капталынан казылып жаткан кара алтындын баркын билбей канчалаган эрээндерибиз энесин эскербей, энесинен жаш кетти. Семирип курсак байлап, дүрбөлөңгө түшүп шайлоонун шарапат оюндары менен баарын кыйратабыз деген “жепжутарлар” бири басып келген жок. Кыргызды уруп ойнобогон ушул бийликте отуруп, “сагызгандай” шакылдаган  Дамира эжекебиз, ачарчылык жарыялап жаткан энелерибиздин үнү  чыкканда кулак жапырып өзүнүн ак үйүндө отурганы Жумгал элинин жанын кейитет. Чартаңбайлар бир келип элдин, ал жерде ачкачылык жарыялап араң турган элди ойлоп койбойбу.

1Учурда Нарын облусунун Жумгал районунун борбору Чаек айылында 10-майдан бери, 20-февралда болгон сот залындагы башаламандыктан кийин камакка алынгандарды бошотуу талабын коюп 5 күндөн бери ачкачылык акциясына чыгып жатышкан 20дан ашык энелердин абалдары учурда начар. Боз үй тигип, ачкачылык жарыялап жатышкан акциянын катышуучуларын ар бири 4 саат сайын тез-жардам кызматынын дарыгерлери көзөмөл жүргүзүп келет.

«Биз 5 күндөн бери ачарчылык жарыялап ушул жерде 20дан ашык эне отурабыз, уялбаган бийликтен уят деле калбаптыр. Ал акыбалды сурап койгон, биздин үндү угуп койгон бир жан жок. Кылмыш кылгандар, адам өлтүргөндөр, күнөөлүлөр сыртта боштондукта жүрүшөт, ал эми карапайым эл кара тордун аркасында камакта отурушат. Ачка отурабыз ушул жерде акыйкаттыкты талап кылып, абалдарыбыз оор, айрымдарынын кан басымдары көтөрүлүп, кээ бирибиздин башыбыз ооруп араң турабыз. Бул жерде жатып өлсөк, өлдүк биздин талаптар аткарылбаса аягына чейин турабыз», — деди Дамира Садырбаева.

2Сот окуясына тиешеси жок балдары менен жолдоштору камакта жаткан энелер бир канча талаптары менен чыгышкан: «Камакта жаткан балдарыбыз бошотулсун!», «Нарын ОИИБнын башчысы Н.Молдоисаев кызматынан четтетилип, камалсын!», «Ички иштер министрлигиндеги кландашуу, коррупция жоголсун!», «А.Мамбеталиевди өлтүрүшкөн милиция кызматкерлери камакка алынышсын!», «Акыйкатчылар: Э.Карагулов, Э.Кумарбековдор бошотулсун!», «Баш прокурор өзү тергесин!», «Жалган жалаа жапкан милициялар камалсын!».

3Эстерине салсак, 2013-жылдын 1-декабрында Кара-Кече көмүр кенинде каза болгон А.Мамбеталиевдин өлүмү боюнча милициянын 3 кызматкери: Рустам Токтогулов, Жоомарт Сыдыков жана Чыңгыз Баялиевге карата соттук отурум 20-февралда өткөн.

Сот отуруму аяктагандан кийин жабырлануучулар тарабынан айыпкерлерге бензин чачылып, өрт коюлган. Ур-токмокко алынган айыпталуучулардын бирөөсү оор жаракат менен, бирөөсү жеңил жаракат менен ооруканага жеткирилген. Ал эми, үчүнчүсү — Р.Токтогулов катуу сабалгандан кийин сууга ыргытылган, деп айтылып, аны издөө иштери жүрүп, бирок изи азыркыга чейин табылган эмес.

Түрү шумдук жашоонун, түпкүрүнөн эмне пайда. Каадаланып, кай  бир депутат имиштер, оорчулук жашоонун одоно бузукусу болуп отурушат. Элдин талабын аткаруунун, элдин маселелерин чечүүнүн ордуна булар жайлоодо мал кайтарып жүргөнсүп, жанбаштап кана чалкалап кана жатышат бийликтин креслосунда…..

Автор: Атың чыкпаса жер өрттө

Айбат гезити №78




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru