Айбат » «Роснефтегаз» Кыргызстандагы ГЭС «Русгидро» жана «Интер РАО» долбоорлорун каржылап берет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » «Роснефтегаз» Кыргызстандагы ГЭС «Русгидро» жана «Интер РАО» долбоорлорун каржылап берет

РусгидроӨкмөт «Русгидро» ААКнын эл аралык долбоорлорун «Роснефтегаздын» эсебинен каржылоону чечти, кезекте «Интер РАО» ААКсы деп жазат орусиялык «Ведомости» басылмасы.

Президент Владимир Путин энергетикага башкы инвестор болууга “Роснефтегазга” 2012-жылы жазында эле уруксат берген, бирок өкмөт мамлекеттик компаниянын акчасын сарптоону эми гана кароодо. Мамконцерндин акчасы «Русгидронун» эл аралык долбоорлоруна жана балким “Интер РАОго» кетет.

«Русгидро» «Роснефтегаздан» 17 млрд рубль алат: акча Кыргызстандагы Жогорку-Нарын ГЭСтерин салууга (12 млрд рубль) жана Абхазиядагы ГЭСтерди кайра оңдоого (5 млрд руб.) керек, деп өкмөттөгү булак билдирген.

«Роснефтегаз» ошондой эле «Интер РАО» жооптуу болгон эл аралык долбоордун курулушун каржылашы мүмкүн. Бул Кыргызстандагы Камбар-Ата ГЭС-1ге байланыштуу. Өкмөттө каржылоонун бир канча схемасы талкууланууда.

Айбат гезити №78



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru