Айбат » Жогорку-Нарын ГЭСтердин жетекчиси И.Горбенко: “Биздин иш жай эмес, проектилөөгө жараша болууда”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » Жогорку-Нарын ГЭСтердин жетекчиси И.Горбенко: “Биздин иш жай эмес, проектилөөгө жараша болууда”

Горбенко Игорь«Бизди учурда көбү жай кыймылдап атышат деп сыноодо, бирок бул жакта кош проектилөө жүрүп жатканын түшүнүш керек. Проектти аларыбыз менен иштер жасалууда, “Жогорку-Нарын ГЭСтери” ЖАКы заказчик катары чыгууда. Проектте башкы подрядчик жана 9 субподряддык уюмдары аракеттенет», – дейт компаниянын башкармалыгынын жетекчиси Игорь Горбенко.

Анын пикиринде, чиймелерин алгандан кийин жайдын аяк ченинде негизги курулуштар башталат.

Негизги курулуштун чиймелери даяр болгондон кийин курулушка 500-600 киши алып келинет, деди ал. Анын айтымында, ТЭО 2013-жылдын май айында иштелип, документ эл аралык жана улуттук экспертизалардан өтүп, долбоордун баасы 24 млрд рубль же 727 млн АКШ доллары турган.

Убактылуу турактын башкы архитектору Сергей Чечюлин айтып бергендей, бүгүнкү күндө жол төшөөнүн алгачкы даярдыгы, сууну берүү, канализацияны даярдоо, от-казанды салуу ж.б. иштер аткарылууда. Горбенконун айтымында, канализация өз алдынча жана Нарын дарыясына эч кандай зыян келтирбейт, бардык нормалар сакталган.

Айбат гезити №78




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru