Айбат » Нурболот Теңизбек: “Бизде андай продюсер аттуу жок”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Нурболот Теңизбек: “Бизде андай продюсер аттуу жок”

Чоро тобу

Кыргыздын илгерки кулак эргитчү мукамдуу ырларын жаңы обонго салып ийине жеткире ырдап келе атышкан, айтылуу обончу жана аткаруучу Чоро Кожомжаров атабыздын стилине ылайыктап шаңшыта ырдаган Чоро тобунун мүчөсү Нурболот Теңизбек менен бир аз сырдаштык.

- Саламатсызбы! Сиздер жеке концерт бергени жатып сыздар ошол тууралуу кененирээк айта кетсеңиз?

– Саламатчылык, кандайсыздар? Ооба эң биринчи тушоо кесүү  концертибизди ошол Нарында берели деп атабыз. Анткени Чоро Кожомжаров атабыз Нарындан болот эмеспи, анын үстүнө Нарын элибиз көптөн бери күтүп келе жатышат. Ошол баарыбыз кеңешип концерт бергени атабыз.

- Концертиңерде кандай чыгармалар жаңырат?

– Ар кандай ырларды жаңырталы деп чечтик, негизинен илгерки чыгармалар көп болот. Анан айта кетчү нерсе биз ушул Нарын жергесине бергенибиздин себеби Аксакалдардан бата алалы тушоо кесүү концертибизде деп атабыз. Бишкекте концертти күзгө жуук беребиз буюрса, ага чейин дагы бир аз такшалып алсак

- Жеке концерт деп коюшуп эле концерттин теңинен көбү өзүнүн достору  ырдап атып эле бүтүп калып атат, силердики ушундай болуп калбайбы?

– Чынында мындайлар көп кездешет. Сиздер айткандай болуп калып жатат. Ал эми биздики мен айтып кете алам, Чоро Кожомжаровдун чыгармаларына көп басым жасайбыз, илгерки чыгармаларды жаңыча ырдап чыгалы деп атабыз. Биздин концертте жакшы ырларга күбө боло аласыздар демекчимин. Концерттин башында бүт Чоро Кожомжаровдун чыгармасы болсо, аягында өзүбүздүн жаңы ырлар кетет жана чындап жеке концерт болот.

- Нарын шаарына коюп атканга жараша, Нарындын эли үчүн мындай бир жаңыча нерсеңер барбы, атайын арнаган ырыңар дегендей?

– Негизинен биз жеке эле Нарын шаары үчүн басым жасабай, жана башында айтып өткөндөй эле илгерки  инсандардын ырларын ырдаганы турабыз. Анан акырындан башка өлкөнүн ырларын дагы, ар башка жанрдагы ырларга күбө боло аласыздар. Биздин балдар ар түрдүү аспаптарда ойной алышат. Тобубузда алты бала бар, алардын ар башкача таланты бар дегендей.

- Ушул Чоро тобунда 6 адам бар деп калдың, алардын кандай сапаттарын айта аласың?

– Биздин балдар бүт таланттуу, билимдүү, колдорунан баары келет. Арабызда Улуттук консерваторияда окугандарыбыз бар, окууга, жумушка дагы бирдей жетише алабыз дейт элем. Эми “беш кол тең эмес” да кээ бир учурларда бир жерге айтылган убакытта кечигип калабыз, бири  ойногон аспабын унутуп калат, андай учурлар көп кездешет. Баарыбыз бири-бирибизди түшүнүү менен эле иш алып барабыз. Мен өзүм ырдан тышкары фортепианодо ойнойм, ар бир балабыз  өзүлөрүнүн өздөштүргөн таланттары бар. Ушулардын ичинен мисалы, бирөөсү эле бир концертке гитарасы жок, же болбосо комузу жок келип калса, анда аябай аксап калабыз. Ошондуктан баарыбыз биригип оокат кылып атабыз.

- Азыркы учурда продюсери жок ырчылар чыкпай калбадыбы, силердин продюсериңер ким ?

– Ооба, туура айтасыңар, азыркы кезекте жаш, жаңы чыгып келе аткан ырчыларыбыз продюсери жок чыгышы кыйын болуп калгандай сезишет. А бирок бизде андай продюссер аттуу жок. Чындыгында биз илгерки улуу аталарыбыздан акыл сурап, бирибиз атабыздан, дагы бирөөбүз байкебизден дегендей эле иштеп келе жатабыз. Сөзсүз айта кетишим керек, биздин балдар өзүбүзгө ишенип эле чыгабыз.

- Келечекте дагы кандай жаңылануу киргизели деп атасыңар, шоу-бизнес жаатына?

– Кудай буюрса ийгиликтүү күндөр али алдыда деп атабыз. Эми мындай да, кыргызда жакшы сөз бар эмеспи – “жыгылган күрөшкө тойбойт” – дегендей, биз көп ийгиликтерди жарата алдык десем болот. Ошол эле Туркияга барганда, финалга өттүк. Бул дагы биздин балдар үчүн жакшы кабар болду. Көп жакшы ой-тилектер бар келечекте. Кыргыз элиме жакшы чыгарма тартуулайлы, көбүнчөсү илгерки чыгармаларды жаңыча жасап чыгалы деп максат кылып атабыз.

-  Рахмат маегиңизге!

– Рахмат сиздерге дагы, жакшы тилегимди учурдан пайдаланып айта кетейин, “Айбат” гезити өркүндөп өсө берсин. Ар дайым Айбатыңардан жазбагыла!

Чоро тобу

Жыргал БЕРДИБЕКОВ

Айбат гезити №78




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru