Айбат » 116-жаштагы Перунун тургуну

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » 116-жаштагы Перунун тургуну

паспортПерунун жашоочусу Филомена Тайпе  Мендос өзүн дүйнөдөгү  эң  кары  адам болуп саналаарын айтты, жада калса тастыктоочу күбөлүгү  да бар экен.  Анын айтымында ал 116 жашта. Өзүнүн көп убакка жашаганын себебин  «таза сүт жана өзүнүн бакчасында өскөн жер жемиштерди жегенимден  деп билдирет. Мен эч качан ичимдик ичкен эмесмин » дейт Филомена Тайпе Мендоса.  Ал өзүнүн баскан жолу татаал болгонун жана 9 баланы атасыз багып, алардын курсагын тойгузуш үчүн көп иштеп кыйналгандыгын  кошумчалай кетти.  Бул айым эч качан өзүнүн  кичинекей айылынан эч жакка чыккан эмес, мунун сыры пенсия алуу үчүн жаңы күбөлүк алганы барганда ачыкка чыккан. Перунун эмгек  министри Мендосага  1897-жылы 20-декабрда төрөлгөндүгү жөнүндө  өздүк күбөлүк берген.  Эгерде, бул  чындык болсо анда ПеруанФиломен, азыркы учурдагы Гинесс китебине дүйнөдөгү  эң кары адам болуп жазылган 1898-жылы 5мартта төрөлгөн Япониялык Миао Окавадан эки жарым айга улуу болуп саналат. Мендосанын 116 жашта экенине   Гинесс китебине жазулуучуларды изилдөө боюнча атайын адистер тобу күмөн саноодо. Адистер  кылдаттык менен  Мендостун  жеке кагаздарын тактап, карап жаткан учурлары. Анткени мындай көрүнүштөр көп, атайын өздүк кагаздарын жасап алышып, Гинесс китебине жазылгысы келген адамдар көп болушат экен.

Айбат гезити №78




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru