Айбат » Ашыкча оор салмактан, семиздиктен кантип арылса болот?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ашыкча оор салмактан, семиздиктен кантип арылса болот?

семиз аялАзыркы учурда толмоч адамдардын көбү кантип арыктайм  деген көйгөйдүн үстүндө сөзсүз ой жүгүртө баштайт.

Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон аялдар ашыкча салмактан арылуу максатында ар кандай ыкманы, көнүгүүлөрдү жасап, таттуу, майлуу тамактан баш тартып ачка болушат. Бирок, тилекке каршы жасаган аракеттин баары эле эффективдүү жыйынтык бере бербейт. Анын эң негизги себеби ашыкча салмактан арыла албай жаткандардын денесиндеги клеткаларга нымдуулук жетишпей майлуу клеткалар өсүп кеткендигин көпчүлүк биле бербесе керек.

Ашыкча салмактан кантип оңой жол менен кыйналбай арылса болот деген көйгөйдү көпчүлүк семиздердин оюнда турат. Андыктан жөн эле отуруп арыктагысы келген айымдар үчүн кеңеш. Арыктайм деп аракет кылып тамак ичпей ачка болуп, ашыкча көнүгүүлөрдү жасаган адамдын көңүлү да чөгүңкү, урушчаак болуп, абдан чарчайт. Байыркы Кытайда бөйрөктү тазалоо үчүн бир нече литр суу ичишкен. Албетте, алар сууну минералдарга бай, таза агып жаткан табигый жеринен алышчу. Бөйрөктү тазалоо менен катар ашыкча салмактан да арылышкан. Ошондуктан күнүгө бир же эки литр суу ичсеңиз бөйрөк тазалоо  менен бирге кошо ашыкча салмактан да арыласыз

Айбат гезити №78




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru