Айбат » Көздүн чарчоосун жазууну билесизби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Көздүн чарчоосун жазууну билесизби?

Убакыттын өтүшү менен сыналгылардын, уюлдук телефондордун, компьютерлердин, жасалма жарыктардын жана ачык түстөрдү камтыган жарнамалардын жаңы түрлөрү көбөйүүдө. Булар адамдын организмине түздөн-түз терс таасирлерди берип, көздөрдү тез эле кызарууга жана чарчоого дуушар кылышат. Мындайда албетте, көз айнек тагынып алуу менен стилдүү көрүнүп жүрө берүүгө болот. Бирок, кызаруунун, чарчоонун кам көрүүгө муктаж жагдайлар экендигин биринчи эске алган дурус.

көз

Компресстер

Укроп. 1 чай кашык укропту жарым стакан кайнак сууга 10 мүнөт демдейсиз. Аны марлиден сүзүп жиберип, эки идишке бөлүп куюп кечке чейин тыныктыруу керек. Уктаар алдында бирин муздак абалында калтырып, экинчисин ысытып аласыз. Анан марляны бир ысыгына, бир муздагына малып алып алмак-салмак 10 мүнөт тынымсыз көзүңүздүн сурмасына баса бересиз. Муну жумасына 3 жолу жасоого болот.

Ит мурун. Ит мурундун 2 даана жаңы бышкан мөмөсүн бир стакан кайнак сууга демдеп, жай отто 5 мүнөт кайнатасыз. Муздаган соң аны марлядан сүзүп салып, жарым саат тыныктыруу кажет. Анан өтө чоң эмес тоголок формадагы кебездерди ага нымдап, эки көзүңүзгө 15-20 мүнөт басып жатасыз.

Пакеттеги чай. Бир жолу колдонулуучу пакеттеги чайды колдонгондон кийин жылуу же муздак абалында көздөрүңүзгө басып жатсаңыз болот. Бул үчүн кадимки кара жана эч кандай даамдар кошулбаган чайды пайдалануу зарыл.

Картошка. Көздүн чарчоосун жазууга картошка дагы жакшы жардам берет. Ал үчүн алгач 2 даана чийки картошканы алып, кабыктарын аарчып кыргычтын майда тишинен өткөрүп аласыз. Анан массаны марляга ороп алып эки көзүңүзгө 20 мүнөт басып жатууңуз керек.

Бадыраң. Бадыраң компрессин жасоо үчүн жаңы бышкан бадыраңдын эки тоголок кесими жетиштүү болот. Аларды эки көзүңүзгө 15 мүнөт коюп чалкалап жатасыз.

Сүт. Муну көз шишип, айланасын кара тартып калганда жасаган жакшы. Биринчи тоголок формадагы эки кебезди жылуу сүткө нымдап аласыз. Аларды көзүңүзгө басып 15 мүнөт жатасыз. Эртең менен жана кечинде натыйжалуу болот.

Ромашка. Бир аш кашык ромашканы 250 мл кайнак сууга жарым саат демдейсиз. Марлядан сүзүп жиберген соң ага тоголок формадагы кебездерди нымдап, 10 мүнөт көзүңүзгө коюп жатасыз. Компрессти күнүнө эки жолу жасаса болот. Ал чарчоону тез жазат, кызарууну кетирет жана көздүн титирешин басат.

Кайың. Кайыңдын жашыл жалбырактарын блендерде майдалап, үстүнө бир стакан муздак суу куюп 10 саат тыныктырасыз. Ага кебездерди нымдап, аларды көздөрүңүзгө басып 15 мүнөт жатасыз. Бул чарчоону жазуу менен катар шишикти кетирет жана көздөрдү балбылдатып көрсөтөт.

Петрушка. Эки кабат болгон марлянын эки кесиндисинин ичине майда болуп тууралган петрушкаларды салып оройсуз. Аларды кайнак сууга 30 секундга салган соң бир аз муздатып 10 мүнөткө сурмаларыңызга басып жатууңуз зарыл.

 

Көздүн чарчоосуна жол бербөөчү жашоо образы:

Организмге толук кандуу эс алуу берүү же суткасына 7-8 саат уктоо;

Пайдалуу тамактануу же курамында С витамини бай азыктарды кабыл алуу;

Компьютер жана телевизор алдында аз отуруу;

Күңүрт жерде китеп, гезит-журнал окубоо;

Уйку алдында бетти жуу же косметика каражаттарынан тазалоо;

Нерв болуудан жана ыйлоодон качуу.

Айбат гезити №78



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru