Айбат » Көк чай менен кара чайдын канчалык айырмасы бар?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Көк чай менен кара чайдын канчалык айырмасы бар?

чайЭлибизде чайсыз жашай алган адамды табуу өтө кыйын.  Эң жакшысы,  суук мезгилде үйдө ысык чай ичип олтурганды кимдер гана сүйбөсүн. Бирок, чай десе эле иче бербей  кара чай менен көк чайды табитине карап тандап ичүү керек. Көпчүлүктө көк чай менен кара чайды  ар кандай баалап, аларды айырмалап калмай адат бар. Чындыгында эле ушундайбы? Көк чай менен кара чайдын айырмасы кандай?

Көк чай менен кара чайдын канчалык айырмасы бар?

Айрымдар алар эки башка жалбырактан жасалат деген да ойдо жүрүшү мүмкүн. Бирок көк чай менен кара чай бир эле жалбырактан чогултулуп, иштетүүдө гана бөлүнөт. Кара чай кантип пайда болот? Ал табигый шартта, күндүн, шамалдын жана нымдуулуктун негизинде өзгөрүп, кара түскө ээ болот. Ал эми көк чай жашыл кезинде чогултулуп, ачуу ысык бууга кармалып, кычкылдануу процессинде чай көк жашыл өңдү кармап калат. Көк чай кара чайга эч окшошпойт. Анын жыты, даамы, өңү да башка. Бирок көпчүлүк адамдарга жөн гана жашыл жалбырак чай жага бербейт жана аны кумшекер кошпой ичишет.  Кара чай пайдалуулугу жагынан көк чайга жетпейт. Өз ден соолугунун камын ойлогондор бир гана көк чай ичишет. Көк чайдын өзгөчөлүгү – анда витаминдер жана микро элементтер, көмүртек, калий, фтор, жез ж.б элементтер бар. Көк чайдын мыкты дарылык касиети – аны рак ооруларын дарылоодо колдонот. Көк чай С витаминине бай жана кан тамырларынын бекем болушуна пайдалуу. Көк чай жүрөк ооруларын алдын алууда жана мээ кан тамыр ооруларын айыктырууда колдонулат. Ошондой эле артериялык кан басымды басаңдатат. Эгер сасык тумоо кыйнаса, көк чайды колдонуу да пайдасын берет. Бирок кара чайдын өзүнүн тийиштүү орду бар. Анда макро-микро жана ультрамикроэлементтик витаминдердин В группасы чайдын өзгөчөлүгүн түзөт. Чайдын жалбырагындагы белоктор менен көмүртектер В витаминин группаларын сактоого жардам берет. Ал тишти жана тиштин бүлөлөрүн таза сактаган фтор затына ээ  болгон сейрек, азык зат. Буга байланыштуу демделген чайдын чамасы менен күнүнө бир канча жолу тишти сүртүп туруу кеңеши берилет.

Айбат гезити №78



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru