Айбат » Биометрикалык маалымат тапшыруудан баш тарткан жаран 5-10 миң сом айып төлөйт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Биометрикалык маалымат тапшыруудан баш тарткан жаран 5-10 миң сом айып төлөйт

паспортКР «КР кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлат.
Мыйзам долбоорунда, биометрикалык маалымат тапшыруудан жана каттоодон баш тартуу учурунда 50дөн 100 эсеп көрсөткүчүнө чейин (5-10 миң сом) административдик жазага тартуу каралган.
Аталган документке ылайык, саясий партиялардын ишмердүүлүгү партиялардын жеке эсебинен, ошондой эле мыйзамда каралган, мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен каржыланат.

Шайлоо фондуна өз эрки менен каржылоого тыюу салынат:
• чет мамлекеттер, чет мамлекеттик органдар, мекеме жана ишканалар, чет элдик юридикалык тараптар, алардын филиалдары менен өкүлчүлүктөрү, чет элдик жарандар, эл аралык уюмдар жана катышуучулары чет элдик жарандар менен юридикалык тараптар болуп эсептелип, КР каттоого алынган юридикалык тараптар;
• жарандыгы жоктор;
• мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
• мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар;
• уставдык капиталдагы мамлекеттик жана муниципалдык үлүшү бар юридикалык тараптар, ошондой эле салык төлөө, чогултуу жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча жеңилдиктин пайдалануучулары;
• аскер бөлүмдөрү, аскер мекемелери менен уюмдары;
• укук коргоо органдары, соттор;
• кайрымдуулук ишмердүүлүгү менен алектенген уюмдар;
• диний уюмдар;
• анонимдүү курмандыктар.

Айбат гезити №79




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru