Айбат » Абасовдун өлүмү алдында Д.Цой Камчы Көлбаевдин бир тууганы менен жолуккан

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Абасовдун өлүмү алдында Д.Цой Камчы Көлбаевдин бир тууганы менен жолуккан

Виктор ЦойСпортчу Руслан Абазовдун өлүмүнө жана кылмышка шектүү «Интел-Линкс» ЖЧКсынын  негиздөөчүсү, бизнесмен Дмитрий Цойдун ишине байланыштуу Камчы Көлбаевдин бир тууганы суракка алынды. Бул туурасында КР ички иштер министрин орун басары Калыбек Сатывалдиев ИИМде болгон маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусу боюнча Абасовдун өлүмү алдында Цой Камчы Көлбаевдин бир тууганы менен Чолпон-Атада жолуккан. «Бизге Камчы Көлбаевдин бир тууганы Цой менен жолукканы белгилүү болду, андыктан аны суракка чакырдык» дейт ал. ИИМдин өкүлдөрү иштин чоо-жайы тууралуу иликтөө ишинин жашыруун экендигине байланыштуу кең-кесири айтышкан жок. Эске сала кетсек, Дмитрий Цойду Бишкектен 6-май күнү кармашкан. Ага адам өмүрүнө кол салуу айыбы коюлууда. Д. Цойдун үйүнөн тинтүү учурунда пистолет куралдары табылган. Мындан тышкары Цой спортчу Руслан Абасовдун өлүмү боюнча ишке да катыштыгы бар болушу мүмкүн экендигин ИИМден билдирет. 8- май күнү  Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Дмитрий Цойго карата баш коргоо чарасын караган. Ага ылайык ал 2014-жылдын 6-июнуна чейин камакта болот.

Айбат гезити №79



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru