Айбат » Жаныштын «оң колу» спорт тармагын калчап жатабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жаныштын «оң колу» спорт тармагын калчап жатабы?

Эргешов КадырбекӨкмөттүн алдындагы мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директорлугуна Кадырбек Эргешовдин дайындалышы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Дегеле Кадырбек Кочкорович бул кызматка кантип келип калды? Анын баскан жолу кандай? Тууган-туушкандары менен байланышы кандай? Мына ушул өңдүү суроолор макалабыздын өзөгүн түзөт.

Кадырбек мырза 57 жашта, кесиби машыктыруучу-окутуучу. 1975-жылы эмгек жолун Кочкор-Атадагы «Кыргызнефть» ишканасында катардагы жумушчулуктан баштаган. Ал эми ушул креслого көчүк басканга чейин мамлекеттик «ГСА» ишканасында гендеректирдин орунбасарлыгын аркалаган. Убагында К.Эргешовдун качкын президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев менен шилекей алышкан дос болгонун тар чөйрөдөгүлөр айтып жүрүшөт.

Өлкөнүн спорт тармагын жетектеген адам өзү жана анын тууган туушкандары коомчулукка үлгү көрсөтүшү керек эмеспи. Тилекке каршы К.Эргешовдун жатындаштары коомчулукка тескери жагы менен таанылып калышкан дейт билермандар. Мисалы, 42 жаштагы Касымбек аттуу иниси былтыр чуулгандуу ишке аралашып, учурда качып жүргөнү айтылууда. Ошондой эле дагы бир иниси Козубектин да кыңыр иштери тийиштүү органдарга белгилүү. Бу тууралуу кийинчерээк кенен кеп салалы…

Кадырбек Эргешов өмүр бою мамлекеттик кызматты аркалап келиптир, эч бир расмий бизнес булагы жок. Ага ишенели десек, анын орто жоон миллионерлердин катарында жүрөрүн кайда катабыз? Мисалы, борбор калаадагы Бектенов көчөсүндөгү эки «хансарайды» кайсы акчасына курду болду экен? Же борбордогу Совет-Медеров көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Корея» аталыштагы караоке бары жана супер маркети, Жигулев-Карл Маркс көчөсүндөгү «Бар» кафеси өзүнүкү экенин танабы? Ал эми Чолпон-Ата шаарындагы «Фонтан» пансионатындагы коттеджин кантип сатып алганын ачык айтып бере алабы? Мындан сырткары «Жанат» мейманканасынын жанындагы 10 сотых жер тилкеси, жакында эле 4-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатындагы батирлерин сатып, аны кайда жумшаганы элге кызык эмеспи? Кадырбек мырза ушундай маанилүү суроолорго жооп узатам десе редакциябыздын эшиги ачык. Макалабызды ушул жерден токтото туралы, макаланын кийинки бөлүгүндө ал кишинин кантип «Ата мекен» партиясынын катарына кошулганы, кантип спорт агенттигинин башына келгенин кеңири баяндайбыз…

Айбат гезити №79




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru