Айбат » Токтогул Какчекеев: “Келдибеков таза болсо, миллиондорго кантип ээ болгонунун жообун айтып бербейби?”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Токтогул Какчекеев: “Келдибеков таза болсо, миллиондорго кантип ээ болгонунун жообун айтып бербейби?”

Какчекеев Токтогул- Токтогул мырза, коррупцияга шектелип камакта отурган Акматбек Келдибеков оппозициялык басылмалардын бирине маек куруп, өзүн эч кандай күнөөсү жок эле, бийлик саясый куугунтук жасап, Башкы прокуратура жалган жалаа жаап атат деп билдириптир. Буга кандай пикирдесиз?

– Мен анын ушинтип актанып атканына ишенгим келет. Бирок, анын өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп эле миллиондогон суммадагы байлыкка ээ болуп калганына, катар-катар машине, кабат-кабат үйлөрүнө, гектарлаган жер тилкелеринин кайдан келгенине жооп таба албай жатам. Мына ушуга жоопту Келдибеков өзү да бере албай жатат. Эгерде таза, ак болсо, анда ошонун баарын кайдан тапканын, кандай мээнет кылганын ачык айтып бербейби? Эмнеге башка мамлекеттик кызматтарда иштегендер анчалык байлыкка ээ боло алышпайт. Ошондой эле айлык алгандардын бардыгы ушундай байыса анда бардыгыбыз азыр байгерчиликте жашайт элек го? Бул биринчиден. Экинчиден, ага карата саясый куугунтук жасаганга себеп барбы? Ал эми президентти каматам, атам дептирби? Бийликти аябай катуу сынга алыптырбы? Андай болгон эмес. Азыр президент да, Башкы прокуратура да, депутаттар да Келдибековдун мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп эле кантип миллионер болуп алганын, түштүктө да, түндүктө да жер тилкелерине ээ болгонунун жообун таба албай жатышат.

- Айрым саясатчылар «Акматбек Келдибеков «Кыргызгаз» маселесин көтөрүп чыкканы үчүн абакта отурат» деп билдиришүүдө. Чын эле ошондойбу?

- Бул жөн гана акылы жоктордун айткан кеби. Эгерде алар Кыргыз мамлекетине чындап эле күйүп турса эмнеге «Кыргызнефти» боюнча айтышпайт. Эмне үчүн аны көрүшпөйт? Анан банкротко учураган «Кыргызгазды» көрүшөт. Ал 1 долларга сатылды дегени менен, анын артында 400 миллион карызы турат. Андан тышкары жабдууларын жаңыртуу үчүн инвестиция салышат. Мына ушундай кыйкырыктардын айынан учурда «Манас» аэропорту инвестициясы жок отурат. «Роснефть» баш тартып койду. Эгерде алар патриоттор болсо неге үзөңгү-Куш, Каркыра башка мамлекеттерге берилип атканда ооздорун жаап отурушту эле? Эмнеге Бакиевдердин кандуу бийлигинен каза тапкан Медет Садыркуловдун өлүмү тууралуу айтышпайт?

Айбат гезити №79



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru