Айбат » Демократиянын «атасы» атыккан АКШда да «кылмыш жасагандыгы тууралуу жалган маалымат» үчүн жазалайт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Демократиянын «атасы» атыккан АКШда да «кылмыш жасагандыгы тууралуу жалган маалымат» үчүн жазалайт

сотАкыркы күндөрдө коомчулуктун, өзгөчө журналистика журтчулугунун бүйүрүн кызыткан маселе Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, президентке жолдогон «Кылмыш жасалгандыгы тууралуу атайылап жалган билдирүү жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги» тууралуу мыйзам  болду. Мына ушул мыйзамга мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 17-майда кол койду.

Айрым саясатчылар, журналисттер жана коомдук уюмдар муну сөз эркиндигин чектөө катары сыпатташып, Конституциянын айрым беренелерине каршы келет деп билдирип келишкен. Маселен, өз пикирин эркин билдирүүгө, абийирге жана ар-намыска шек келтирген маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчиликке тартууга тыюу салууга каршы келет деп эсептешерин айтып келишти. Бирок кабыл алынган жаңы мыйзамдын жоболорун терең талдап көрсөк, жаңы киргизилген өзгөртүүлөр эл аралык укук тартибин эске алуу менен кабыл алынгандыгы көрүнүп турат. Андыктан жаңыдан киргизилген өзгөртүүлөр сөз эркиндигин эч кандай чектебейт жана кимдир-бирөөнүн ар-намысына шек келтирген маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчиликке тартууга жол бербей тургандыгын айтып коюшубуз керек. Мына ушундай эле мыйзам демократиянын «атасы» атыккан Америкада жана Бельгия, Польша, Швеция, Германия, Испания, Улуу Британия, Дания, Норвегия өңдүү бир катар мамлекеттерде да бар. Демек, бул мыйзамды сөз эркиндигин чектөө катары коомдук пикир жаратууну көздөп жаткандар адегенде жогоруда аталган мамлекеттердин мисалын бир карап коюшу  абзел.

Бизде Батыштын саясатын жүргүзүп, ар бир жүргүзүлүп жаткан ишти АКШ менен салыштыра бергендер аз эмес. Мына ошолор да бул мыйзам долбооруна каршы экендиктерин билдирип келишкен. Бирок, алар мисал кылып келген Америкада да ушундай эле мыйзам иштээрин билип турушса да, айткылары келбейт. Бул биринчиден. Экинчиден, бул мыйзамдын жөнөкөй эле «жалган маалымат таратуу» тууралуу түшүнүктөн бир топ айырмасы бар. Тактап айтканда ЖК депутаттары «жалаа» деген түшүнүктү «Кылмыш жасагандыгы тууралуу айыптоо» деген түшүнүктөн бөлүп кароону көздөшкөн. Ачыгын айтканда бул экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Себеби кимдир бирөөнүн абийирине шек келтирүүгө караганда, аны кылмыш жасаган деп жалган эле айыптоо ал адамдын тагдырына жана мамлекеттин коопсуздугуна көбүрөөк кесепетин тийгизет. Адамдын тагдырына тийгизген кесепети – эгерде ал адам эч кандай кылмыш жасабаган болсо деле, ММК аркылуу аны кылмышкер катары сыпаттоо карьералык өсүш жасап келе аткан адамдын карьерасына балта чаап, анын кылмышы аныкталбаса да калк арасындагы кадыр-баркын түшүрүп коюшу мүмкүн. Бул демек, ал адамдын тагдырына атайылап балта чабуу болуп калат. Экинчи тарабынан, кимдир-бирөөлөрдү кылмыш жасаган деп атайылап айыптоолор такталбай калса, ал өнөкөткө айланып, ММКга болгон элдин ишенимин жоготот жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү милдети тагылган органдардын кайдыгерлигине алып келет. Себеби, укук коргоо органдары жеке жарандардын жана юридикалык жактардын көпчүлүк алдында жана массалык маалымат каражаттары аркылуу тараткан билдирүүлөрүндө кимдир-бирөөнү кылмыш жасаган деген айыптоолорун иликтөөгө алышы керек. Бул алардын милдети болот. Ал эми андай кылмыш жасагандыгы тууралуу жалган маалыматтарды да иликтөөгө биринчиден убакыт талап кылынат, экинчиден иликтөө иштери үчүн материалдык чыгымдар болот. Бул албетте мамлекетибиздин бюджетине залакасын тийгизет.

Дагы бир жолу баса белгилеп айтып коюучу нерсе – бул мыйзам боюнча жөн эле жалган билдирүү тараткандардын жоопкерчилиги тууралуу сөз да жок. Бир гана кимдир-бирөөнү кылмыш жасаган деп айыптоо үчүн гана жоопкерчилик болот. Ал эми «атайылап жалган билдирүү жасоо» тууралуу Кылмыш кодексинин 329-беренеси мурдагыдай эле өзгөртүүсүз калтырылган. Андыктан жаңы киргизилген мыйзам биринчи кезекте укук коргоо органдарынын укук тартибин камсыз кылуу үчүн жоопкерчилигин күчөтөт. Экинчиден, жеке адамдардын, кызмат адамдарынын да көпчүлүктүн алдында сүйлөгөн сөзүндөгү маалыматтардын тактыгы үчүн жоопкерчилигин арттырат. Кимдир-бирөөнү «кылмыш жасаган» деп айтуудан мурда ал маалыматтын тактыгына өзүнүн көзү жеткенде гана айта алат. Болбосо, бизде айрым саясатчылар, журналисттер өздөрү айтып жаткан, тараткан маалыматтын тактыгына өздөрү да ишене албаган учурлары кездешет. Сөздүн ток этер жерин айтканда кыргыз журналистикасында «имиш», «ушак» таратууну кесибине айлантып алгандар мурдагыдай эле өз «ишмердүүлүгүн» каалагандай уланта беришет. Бир гана «кылмыш жасаган» деген маалыматты берээрде ойлонуп калышат. Баса, дагы бир айтып коюучу нерсе 329-беренеде көрсөтүлгөн – коомдук жумуштар, чыгымды төлөп берүү менен коомчулук алдында кечирим суроо, түзөтүү иштери өңдүү жазалоону айрым түрлөрү да алынып салынды. Себеби, бир эле беренеде жазалоонун бир нече түрүнүн болушу да коррупцияга жол ачып коёру белгилүү болуп келет. Мындай мүмкүнчүлүктөн улам сот менен жең ичинен каалагандай сүйлөшүүлөр болуп, жазанын эң эле жөнөкөйүн алып алуулар кездешип келет. Андыктан урматтуу журналист журтчулугу жана жалпы эле жарандарыбыз жаңыдан кабыл алынган мыйзамдын маанисине терең үңүлүп карап көрүп, анан анын тууралыгына баа берип коюшу абзел. Маселен, ошол эле бул мыйзамга каршы чыгып аткандар  өздөрү да кайсы бир саясатчы, же журналист аны эч кандай себеби жок карандай калп менен эле «кылмыш жасаган» деп айыптоосун каалабайт. Демек, өзүңө каалабаган кесепетти башка бирөөгө да багыштабаш керек эмеспи…

Айбат гезити №79



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru