Айбат » Орозбек Дүйшеев: “Өндүрүштү түшүнбөгөндөр тоо-кен өнөр жайын талкалаганы атат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Орозбек Дүйшеев: “Өндүрүштү түшүнбөгөндөр тоо-кен өнөр жайын талкалаганы атат”

Дүйшеев Орозбек- Орозбек мырза, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан мөңгүлөргө жакын аймакта жайгашкан бардык ишканалардын ишмердүүлүгүнө тыюу салган мыйзам долбоору кабыл алынган. Бул мыйзам күчүнө кирип калса, экономикабыздагы орду өтө маанилүү «Кумтөр» ишканасы кандай абалда калат?

– Албетте, өтө оор акыбалда калып калат. Бул жерде «Кумтөр» гана эмес, өлкөбүздүн экономикасы оор абалда калат. Ошол мыйзам долбоорунун 10-беренесинде мыйзам күчүнө киргенден кийин 180 күндүн ичинде мыйзамды ишке ашыруу үчүн ишканаларга жакын аймактардагы мөңгүлөр мониторингин уюштуруп, чыгымдардын, жоготуулардын тарифин иштеп чыгуу жүктөлүптүр. Мына ушул кыска убакыттын ичинде өкмөт керектүү эсеп-чотторду даярдап, иликтөө иштерин жүргүзүп жиберерине ишене албайм.  Бул жерде «Кумтөр» ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча келишим мурда түзүлүп, анын иштөө тартиби бекитилип калганын эске алыш керек. Республикалык бюджет «Кумтөрдүн» өндүрүшүнүн алдын-ала берилген маалыматтарынын негизинде түзүлгөн. Бул мыйзам бир гана «Кумтөр» ишканасына тиешелүү болуп тургансыйт. Эгерде муну президент да колдоп, күчүнө киргизе турган болушса, анда атайын адистердин тобу менен барып «Кумтөр» боюнча атайын жаңыча долбоор түзүп чыгыш керек болот. Албетте, мунун да өзүнчө кыйындыгы болот. Андыктан азырынча буга президент кол койбостон, кайрадан иштеп чыкканга жөнөтсө болот. Себеби, ал мыйзам күчүнө кирсе «Кумтөрдүн» иши аргасыздан токтоп калуу коркунучтары бар, анан бир нече жүз тонна алтынды ала албай калабыз. Бул өлкө экономикасына өтө чоң зыян алып келет.

- Инвесторлор менен келишим түзүлүп жатканда экологиялык жоготуулардын ордун толтуруу шарттары тууралуу да ар дайым каралат. Эгерде бул мыйзам долбооруна ылайык кошумча төлөмдөр киргизилсе, инвесторлор кандай жооп кылышы мүмкүн?

– Ал закон жаңы киргизилип атат. Мен аны менен толук таанышып чыктым. Бул закон керектүү болсо дагы, туура эмес закон. Менин оюмча муну азырынча кабыл албаш керек. Ал кабыл алынып калса, анда өлкөбүздөгү тоо-кен өнөр жайы толугу менен токтоп калышы мүмкүн. Муну өндүрүш ишин жакшы түшүнбөгөндөр чыгарып атат. Кыргызстандын экономикасын тоо-кен өнөр жайы менен гана көтөрө алабыз. Ал токтоп калса, анда абалыбыз өтө начар болот.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №79



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru