Айбат » Бакиевдин куйругу, же бул кимдин буйругу…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Бакиевдин куйругу, же бул кимдин буйругу…

Кунакунов МаксатКурултай  куругандан кийин, же 17-апрелдин эртеси төш каккан М.Кунакунов мырза түп орду менен жоголгон. Кайда кеткенин эч ким билбейт. Көргөн билген киши жок. Кунакунов кууланып бир жерге бекинип алган го дегендер да четтен чыгат. Негизи бул жигиттен көптү күтсө болот. С.Жапаровду сызга отургузган неме, дагы бир капчыгы калың  бирөөнү кайырмагына иле албай жүрөбү деген ойго кетесиң.

Маңызы жок идеялардын авторунан  демөөрчүлөр тажап тыйын-тыпырдан чектеп койсо керек деген да кептер чыгып кетти. А бирок “Жаштар өкмөтү” кыймылынын мүчөлөрүнүн арасындагылар М.Кунакунов Мелис Турганбаевдин “куурчагы” же “кол баласы” деген сөздөрдүн четин кылтыйтышат. Мунун канчасы жалган, канчасы чын экенин Кунакунов менен Турганбаев экөө гана билбесе аныгына чыккан киши жок. “Шамал болбосо камыштын башы кыймылдабайт” дегендей не себептен мындай шыбыш болуп жатат дегендерге 10-апрелде БОК уюштурган Саруу айылынын жашоочуларынын митингин бетке кармашат.  Көрсө, так ушул М.Кунакунов мырза көшөгөнүн артынан милиция кызматкерлерине Саруу айылынан камалып кеткендерди колдогон митингди уюштуруучуларды көрсөтүп берген имиш. Анын берген маалыматтарына ылайык Бишкек шаарында Саруудагы  митингдин активдүү мүчөлөрү кармалган. Не себептен М.Кунакунов өзү бийликке каршы иштерди жүргүзүп жатып мындай иштерге барды деген суроо туулат. Түлкүдөй мант берген, ары айлакер, ары митаам Кунакунов мырзанын түпкү максаты башкада экен. Бир эсе бийликке сес көрсөтүмүш болуп, эки жүздүүлөнө элди чогултуп, жасакерлене Жапаровдун таманын жалап, кыскасы, Кырдрамдын актёру мындай калсын, баарын ойлонуштуруп жасаган тура. Анын болгон максаты М.Турганбаевдин мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып минфиндеги майлуу-сүттүү орундардын бирин ээлеп калуу гана болуптур…

Таппасаң, сыйпалап кал. Кайран Кунакунов! Мындай принципти туу туткан  “Жаштар өкмөтү” кыймылынын лидери алыска барат көрүнөт. Анткени ал өзү БОКто пир туткан А.Бекназаровдун жолоюна түшүп бара жаткан сыяктуу. Не дейбиз, саясат сасык нерсе.  Ал эми саясаттагы сойкулук кимге кандай бедел алып келет, аны Кунакунов жакшы билет болуш керек.  Болгону ага ишенген “Жаштар өкмөтүнө” жаның ачыйт экен…

http://diesel.elcat.kg/index.php?showtopic=59864418

Айбат гезити №79




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru