Айбат » Эки миллион доллар берип «ыйлаган» Бакиев, аны алып «боору ачыган» Лукашенко

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Эки миллион доллар берип «ыйлаган» Бакиев, аны алып «боору ачыган» Лукашенко

Александр ЛукашенкоБелорус элинин президенти Лукашенко орус телеканалдарынын бирине маек куруп, анда Кыргызстандын өз элине ок чыгарып, канды суудай агызып качкан президенти Курманбек Бакиевди кандайча «колтугуна» корголоп алганын баяндап берген. «Туура, мен Бакиевдин өтүнүчүнө макул болдум. Ал учурда аны баары таштап, ал Казакстындын түштүгүндө аялы, колунда балдары менен качып жүргөн. Мен ага телефон чалганымда, ал ыйлап «Саша сен мага эч качан дос болгон эмессиң. Бирок мен бүгүн балдарым менен токойдо жашынып жатам. Жок дегенде балдарды сактап кал» деп суранды» дейт ал. Анан «балдарга боору ооруган» Лукашенко Бакиев жашынып жаткан токойго атайын самолёт жөнөткөн. «Мен анын балдары менен токойдо жашынып жатканын элестеттим» дейт «боорукер» Лукашенко. Сөз болбосоң коё кал. Анчалык боорукер болсо, канкор Бакиевдин бийлигинин колунан каза тапкан жүзгө чукул жигиттерибизге боору оорубайбы? Кырчындай кездеринде кыйылып калган балдарынын кайгысына чөгүп калган энелерди, аталарын жоктоп калган балдарды аябайбы? Жок, Лукашенко ал тууралуу эч нерсе айткысы келбейт. Себеби анын «боорукерлигинин» артында Бакиевдин кытырата санап берген жапжашыл жашылбайлдары жатат да. Эч кандай ыйлап жардам сураган Бакиев болгон эмес. Жөн гана Лукашенкого эки миллион долларды сунуш кылып, баш паанек берүүсүн өтүнгөн. Асмандан түшкөндөй болгон акчага «боорукерлиги» кармаган Белорусь элинин президенти Бакиевди жана анын үй-бүлөсүн өз өлкөсүндө корголоого макулдук берген. Ал эми канкор Бакиевдин мойнунда окко учкан, шейит кеткен балдардын каны турат. Аны тарых эч качан унутпайт. Ошондой канкор президентти 2 миллион доллар үчүн калкалап, кылмыш жоопкерчилигинен арачалап жүргөнү үчүн Лукашенко да дүйнөлүк тарыхтын алдында жооп берчү мезгили алыс эмес.

Айбат гезити №79



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru