Айбат » Мырзакматов адам өлүмүнөн саясат жасаганды токтотподу

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Мырзакматов адам өлүмүнөн саясат жасаганды токтотподу

Мырзакматов МелисОппозиция акырынан «жем» жеген басылмалар акыркы учурларда такыр эле дайындары чыкпай калган оппозициячыл саясатчыларын таба алышпай (каражат булагын кайдан алышаарын билбей), тынчтары кете баштаган.

Маселен, суу жээктеп, өзөн бойлоп «клипке» тартылып жүрүп эле Садыр Жапаровдун дымы чыкпай кетти. «Оштун кожоюну менмин» (калганыңар «малсыңар» дегендей эле да) деп жүрүп Мелис Мырзакматов чет өлкөлөп кеткен. Анан алардан байма-бай алып турган акчаларынын арты үзүлө баштаганынан улам айрым басылмалар калп эле кара күчкө «корктуңарбы?» дегенчелик кылып аларга тийише баштаган.

Тийишип атып акыры кыргыз тилдүү басылмалардын бири Мелис Мырзакматовду таап, баш редактору өзү маек куруп алганын алдын-ала анонс катары коомчулукка мактаныч кылып отурат.

Ал гезиттин жазганы боюнча Мырзакматов эч кандай «сынган» эмес экен. Ырасын айтканда аны «сынды» деп деле эч ким айткан жок эле. Ал гезиттин баш редакторуна Мырзакматов «Мен бул бийликтин элдешкис душманы болуп калдым. Менин үлүшүмө туура келген куугунтукту башка эч кимге каалабайм. Убактысы келет, бул бийлик да кетет. Мен бул бийликтин кетиши үчүн аягына чейин күрөшөм» деп айтып бериптир (эгер антип айтпаса деле баш редактор өзү билип жазып атса, анда Мырзакматов өзү анын башын «жулуп» коёр).

Биринчиден, өздөрү туура эмес аракеттерди жасап алгандардын бардыгы эле акыркы күндөрү баатыр, патриот болуп көрүнгүлөрү келип калды (акыр заман келерде коркоктордун бардыгы «баатыр» болот, башы көңдөйлөрдү бардыгы акылдууларга «акыл» үйрөтөт деген кептин чындыгы бар окшойт…).

Мырзакматовго эч ким эч кандай куугунтук жасабагандыгын бардыгыбыз эле көрүп турабыз. Ал Ош шаарынын мэрлигинен шайлоодо утулуп калды. Ага анын Ош шаарында өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем деген саясаты себеп болду. Шаардыктардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүнүн ордуна республикалык бюджеттен барган акчалардын бардыгына катар-катарынан эстеликтерди тургузуп койду. Орто Азияда жок асма көпүрө кура коёт элем деп шаар ичинде авто тыгын жаратып, анын азабын шаардыктар азыр деле тартып атышат. Баш менен эмес, эмоция менен иштегендин азабы ушул болду. Бул биринчиден.

Экинчиден, эл үчүн иштейм деген эр жигит эч качан бийликти кулатыш үчүн гана күрөшпөйт. Эр жигит элдин жыргалчылыгы, акыйкаттык үчүн күрөшөт. Бирок, тилекке каршы биз бүгүнкү оппозициядан эч кандай акыйкаттыкты көздөгөн максаттарын байкай албай атабыз. Ушул эле басылмада Мелис Мырзакматовдун акыркы учурда эки тууганы каза болгондугун жазат.

Анын биринчиси Жеңиш Садиев. Бул маркум мурда эки жолу соттолгон, Азиз Батукаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон адам экендиги тастыкталды. Ошол эле учурда ал эч кандай саясаты жок эле өзүнүн мурда темир тор артында бирге олтурган «парталашынын» колунан каза тапкандыгы маалым болду.

Ал эми Мырзакматовдун бир тууган агасы Каныбек Мырзакматов 6-май күнү оорудан улам каза тапканы белгилүү болду. Арты кайырлуу болсун. Бирок, мына ушундай жагдайларды да саясатка аралаштыруунун кандай кажети бар эле? Же шум ажал үчүн дагы бийликти күнөөлөгөнгө болобу?

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №79



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru