Айбат » Апалар күнү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Апалар күнү

Тынчтыкбек Кубатбеков апасы менен“Соккон жүрөк чыга жаздап кабынан,

Өз баласын артык көрүп баарынан.

Баласынын миң түйшүгүн көтөрүп,

Эне кымбат, эне ыйык баарынан”, -демекчи, эне – дүйнөдө теңдеши жок, асыл зат.

“Бейиш энелердин таманы астында” деп да бекеринен айтылбаса керек. Биздин ийгилигибизге чогуу кубанып, ар дайым “балам” деп бизди ойлоп жүргөн энекелерибиздин ак сүтүн актоо эң чоң милдет эмеспи…

Башканы эстебесек да, күн сайын апакебизди сөзсүз эстейбиз. “Апакем кандай жүрөт экен? Ден-соолугу жакшы бекен?” деген суроону ар бир адам күн сайын ойлонсо керек. Дүйнөдө канчалаган майрам, атайын белгиленчү күндөр бар. Ар бир күнү апабыз жүрөгүбүздө болгон үчүн бардык күн апакелердин күнү деп ойлойм. Ошентсе да апаларга арналган атайын күн да жок эмес.

“Апалар күнү” – энелерге арналган эл аралык майрам. Эл аралык айымдар күнүнөн айырмаланып, бул күнү кош бойлуу айымдарды жана апаларды куттуктайбыз. Бул майрам түрдүү өлкөлөрдө түрдүү күндөрү белгиленип келет. Көбүнчө май айынын экинчи жекшембисинде белгиленет (АКШ, Эстония, Украина, Мальта, Түркия ж.б.), Орусияда ноябрдын акыркы жекшембиси, Казакстанда 16-сентябрда, ал эми Кыргызстанда май айынын үчүнчү жекшембиси.

Апамды көрбөгөнүмө 1,5 жыл болуп калды. Телефондон, скайптан канча сүйлөшсөм да моокумум канбайт. Баары бир эне кучагында эркелөө, бетинен өөп, жылуу колдорун кармап, чогуу тамактанып, баарлашуу башка нерсе… Албетте, бул ирмемдердин кадырын энекебиздин жанында жүргөндө анча биле бербейбиз. Алыста жүрүп, апабыз жапкан нанды сагынганда, апакебиздин жанында эркелеп жүргөн жылуу көз ирмемдер көз алдыбыздан өтүп, адамды кусалантат…

Жылдар билинбей өтө берет экен. Апам менен сүйлөшкөндө, апамдын да жашы өтүп бара жатканын көрүп, жүрөгүм ооруйт. Апакелер ар дайым жапжаш жүрө берсе кана… 2-3 күн чалбай койсоң, “Балам барсыңбы? Эмне мени сагынбадыңбы? Чалбай койдуң го?”, -деп айтса, эми мурдагыдай апакеме эркелей турган жаш бала эмесмин деп ойгоно түшөсүң. Небереси жол караса, “ушул алыстагы балам келет окшойт” деп жоруганын угуп, апакеңдин канчалык сени сагынганын сезесиң…

Апалар оорубасын, аман болсун! Кудайым энекелерибиздин өмүрүн берсин! Бардык апаларды “Апалар күнү” менен куттуктайм!

Тынчтыкбек Кубатбеков,  Стамбул

Айбат гезити №79




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru