Айбат » Искендер Шаршеев: “Президент айткандай бир аз чыдап, көз карандылыктан биротоло кутулуп алганыбыз туура болот”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Искендер Шаршеев: “Президент айткандай бир аз чыдап, көз карандылыктан биротоло кутулуп алганыбыз туура болот”

Шаршеев Искендер- Искендер мырза, өлкөнүн түштүк аймагына Өзбекстан газ берүүнү токтотуп койгону маселе жаратууда. Бул багытта президент Алмазбек Атамбаев «Ишенимсиз газ жеткирүүлөрдөн кол үзүп туура кылып жатканыбызды дагы бир жолу көрдүк» деп билдирди. Сиздин оюңуз кандай?

– Кыргызстан «Кыргызгазды» «Газпромго» бергенден кийин Өзбекстан ««Газпром» бизге келип жаңы келишим түзсүн» дегендей ишаратты жасап атат. Ошондой эле Кыргызстан Өзбекстанга учурда суу берүүнү токтотуу тууралуу пикирин айта баштаганда алар газды токтотуп саясый басым жасап атат. Анан дагы азыр Өзбекстанга НАТОнун офиси ачылып атат. Дагы бир жагдай алар бизде «Камбар-Ата» ГЭСинин курулушуна каршы чыгып атышат. Мына ушул себептерден улам алар газды токтотуу менен каршы чыккылары келүүдө. Андыктан президенттин айтканы туура.

- «Ачык эле айтайын, биз менен чек ара маселеси бар өлкөлөрдөн кандайдыр бир жагдай боюнча көз каранды болбошубуз керек. Андыктан келечекте мамлекетибиз утуп чыгышы үчүн кээде бир нече ай чыдап коюшубуз керек. Бул принципиалдуу маселе» дейт Атамбаев. Буга кандай карайсыз?

- Эгерде азыр Кыргызстан Өзбекстанга сууну коё берсе, алар газды сөзсүз берет. Бирок, биз азыр ал жакка сууну коё берсек, анда кышында электр энергиясы аз өндүрүлүп, өчүрүүлөр көбөйөт. Мына ушул себептерден улам дагы биздин бийлик Өзбекстандын алдына барып, газды берүүсүн сурангысы келбей жатат. Экинчиден, Өзбекстан мындай газды берүүнү токтотууларын өтө көп жолу жасаган. Анын артында ар кандай саясый кызыкчылыктар болуп келди. Андыктан президент айткандай бир аз чыдап, көз карандылыктан биротоло кутулуп алганыбыз туура болот.

Айбат гезити №79



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru