Айбат » Миллиондук мелдеш” тасмасынын 2-бөлүгү тартылат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Миллиондук мелдеш” тасмасынын 2-бөлүгү тартылат

Миллиондук мелдеш

Кыргыз киносу жыл санап өнүгүп жаткандыгы мекенибиздин маданият тармагына сөзсүз түрдө салымын кошуп, ар бир тасма сайын миңдеген көрүүчүлөрдү чогултуп келет. 2013- жылы ноябрь айында жарык көргөн “Миллиондук мелдеш” тасмасы белгилүү режиссер Сүйүн Откеевдин мыкты эмгектеринин бири десек жаңылышпайбыз. Тартуучу топ жана таланттуу чыгармачыл команда көрүүчүлөрдүн алкышына арзып, эми тасманын экинчи бөлүгүн да тартууга киришти.

“Бир айдан кийин тасманын тартуу иштери башталат. Буйруса көрүүчүлөрүбүз эмгегибизге ушул жылдын октябрь айында күбө боло алышат. Тасманын биринчи бөлүгүндө мелдеш мырзалар арасында гана болсо, эми ошондой эле кызуу мелдеш айымдардын үстүнөн болмокчу. Калганы сыр бойдон калтыралы. Окуяны толук түрдө бул күздө чоң экрандардан баамдасаңыздар болот”, – дейт тасманын жаратуучусу Сүйүн Откеев.

Айбат гезити №79



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru