Айбат » Нуркыз Кожонова: “Кайрадан студент болгону турам”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Шоубизз » Нуркыз Кожонова: “Кайрадан студент болгону турам”

Нуркыз КожоноваЫрчылардын тоосунан жаңыдан күн сымал чыгып, өз элин талант нуру менен жылытып  келе жаткан жана азыркы улуу муун менен жаш муундун ооздоруна алынып калган ырчы кызыбыз  Нуркыз Кожонова менен болгон баарлашуубуз.

-Алгач кепти сиздин киндик каныңыз тамган жерден баштасак?

-1989-жылы 23-июлда Жалал-Абад облусунун  Таш Көмүр шаарчасынын  Кудук-Сай айылында төрөлгөм. Үй-бүлөдө  2 бир туугандын экинчисимин , менден улуу агам бар. Ата-энем жеке ишкердик менен алектенишет. Өйдөдө  өбөк, ылдыйда жөлөк болгон агамдын бар экенине абдан сыймыктанам, үйдүн көкүрөк күчүгү болсом да, кичинекейимен  баарын өзүм кылып жетишкенге аракет жасап келем..

-Учурда “Досторго”“ Кыялымда” деген ырларыңыз радиолордо байма-бай жаңырууда, шоу бизнестин босогосун аттаптырсыз,  кандай сезилип жатат, кандай экен?

Нуркыз Кожонова-Негизи шоу бизнестин босогосун мындан 3 жыл мурун аттап, анан кандайдыр бир себептерден улам алыстап кеткем, азыр кайтып келдим  десем болот. Сахна саз сымал бир кирген соң такыр чыга албайт экенсиң,  кудайга шүгүр ырларым  радиодон,  клибим  телелерден  кетип жатат. Тууган-уруктар көрдүк деп калса кудуңдап сүйүнүп калам. Негизи чыгармачыл адамдар бир башкача келебиз, кичинекей нерсеге тоодой сүйүнүп, бактылуу болобуз, кыпындай эле көйгөйгө кейип, кайгы тартып жатып калабыз, ошондон улам жакындарым сага такыр түшүнбөйбүз деп калышат.  Ооба туура айтасыз, “досторго” деген ырды жаздырып ырдап чыктым, бул ырды буга чейин журналист, ырчы Жанара Атабекова ырдап жүрчү, ал эжекенин уруксаты менен жаңы вариантта ырдап чыктык, эми клип тарттырууну пландап жатабыз.” Эл тараза, эл сынчы“ дегендей уккан угармандарга жакса эле мен максатыма жеттим деп эсептейм.

-Шоу бизнеске келгенге чейин эмне менен алектенип жүрчүңүз эле?

-Бул чөйрөгө  кайрадан аралашып калганча, Туркия жергесинде окуума  байланыштуу  иштеп,  окуп жүргөм.  Баса белгилеп айтып кетчү  нерсе буга  чейин  ырдап  жүргөм, учурда сахнадан өз ордун тапкан устатым  Роза Шакирова менен иштешип жатканыма 3 жылдын жүзү болду. Гастролдорго чыгып шоу-бизнестин ашканасынан маалымат алгам.  Айтор ал учурду эстесем жүзүмө жылмаюу пайда болот.

-Азыр шоу бизнесте атаандашуу абдан көп, алардын арасында калып калам деп коркпойсуңбу?

-Албетте, бардык жакта конкуренция бар, бир ишти баштагандан кийин коркпо, корксоң баштаба дейт, ар бир адамдын күйөрманы уга турган аудиториясы болот, жараткан ар бирибизге ырыскысын берет,  демек,  жулунуп  жулкунгандардын катарында эмесмин. Ар бир адам өз ырысы менен, күткөндү   билгендер үчүн бардыгы өз убагы менен келет  дегендей,  ар инсандын жылдыз жанган учуру болот.  Демек, талыкпастан иштейбиз, анан жылдызыбыз жарк деп жанаарына ишенем!

-Кыялымда  деген ырыңызга  клип тарттырыптырсыз?  Бул 1-чи клибиңизби?

-Сапаттуу клиптеримдин алгачкысы,  буга чейин 2 клибим бар болчу. Бирок, азыр көргөндөн уялам, анда чыгармачылыкка жаңы аралашып баштагандыктанбы же техниканын өнүкпөгөнүбү, айтор, ийгиликсиз болуп калган жана ал клиптерди эч жакка таркаткан эмесмин, өзүмдүн архивимде сакталган. Мен негизинен ырдын да, клиптин да сапатына көңүл бурам.

-Атаандашуу ийгиликтин ачкычы дейт, кимдерди атаандашым деп айта аласыз?

-Албетте, атаандашуудан өсүп  өнүгүү  болот,  бирок чеги менен, сырттан сыйлашып иште атаандашуу бул нормалдуу эле көрүнүш.  Атаандашканда кандай, бул мындай ыр жаратыптыр мен да жаратышым керек, бул 1 жылда мынча клип тарттырыптыр мен тарттырышым керек деп аракет кылуу. Ал эми кээ бирлер  чектен ашып кетишет. атаандашууну көрө  албастык менен алмаштырып,  атаандашуу бул 2 же 3 адамдын ийгилиги, ал эми көрө албастык бир эле адамдын жемиши.

-Жашооңузду эмнесиз  элесте албайсыз?

-Жашоомду абасыз, суусуз  элестете  албайм (күлүп),  анан албетте, ата-энемсиз, бир туугандарымсыз. Айтат го “баланы да, күйөөнү да таап алыш бат эле, эч ким сага ата-эне болуп бербейт” дегендей.  Жана ошондой эле, бардык  “Эне” деген статуска ээ болгон айымдарды

18-май өтүп кеткен  майрамдары менен  куттуктап  кетейин, эч болбой калгыча кеч болгону жакшы дечү беле….

- Ырчы болуш үчүн талыкпаган эмгек  талап кылынат,  кээде баарын жыйнаштырып салайын деген ойлор болобу?

– Жок, азырынча баарын жыйнаштырып, башка кесипке өтөйүн деген ойлорум, пландарым жок. Себеби, менин азыр көргөнүмдөн  көрө  элегим  көп, дагы далай жылдарды ашырып эмгек кылып маданияттын мыкты кызматкери, эмгек, эл артисти болууга бүт күчүмдү  жумшап сындыруучу адамдардын сындарынан өтүүгө бүт күч аракетимди жумшайм .

- Кээ бирлер ырчылыкты хобби катары көрүшөт, сиз үчүн?

– Кесип деп айтам, себеби  хобби бул каалаганда гана жасап коюучу иш, а кесипти каалаган учурда кыла албайсың, сен аны кылууга милдеттүүсүң. Кылсаң  жаның багылат, кылбасаң ачка каласың. Андыктан мен үчүн кесип… жеген наным, ичкен чайым, кийген кийимим баары ушул кесип аркылуу табылат десем жаңылбайм.

- “Билим алуу ийне менен каскандай” дейбиз, музыкалык билимиңиз барбы?

– Музыкалык билимим негизинен аягына чейин бүтө  элек,  орто жолдо чет  өлкөгө  кетип токтоп калгам. Учурда улантууга  аракет кылып,  документтеримди  топтоодомун, буйруса  улантып, окуумду  бүтөм.  Кайрадан студент болгону турам.

- Жан дүйнөң  кыйналып, чарчап турганда кантип эс аласың?

– Жан дүйнөм чарчап турганда, кечинде унаама түшүп өзүмдүн жаккан “атакем” ырымды болушунча  катуу  чыгарып  кечки  Бишкекти  айланганды жактырам, андан тышкары курбуларым менен  тынч кафелерге барып тамактанам .

- Ар бир айым мода кууп кийинет, сиз да алардын катарында барсызбы?

– Жок мода куубайм, мода бул сага жарашкан кийим мода болуп эсептелинет, кандай кийим болбосун.  Эң негизгиси мага жарашкан, келбетимди ачкан кийим болсо демек бул мен үчүн мода. Кээ бир замандаштарыбыз мода деп эле кийип айдай сулуулугун мода менен бузуп алышат го, табигый сулуулуктан өткөн эч нерсе жок.

- Кандай стилде көп кийинесиз, жана кандай өңгө жакынсыз?

– Ар кандай, буга чейин кыймыл аракетиме ыңгайлуу болгондуктан, спорт кийимдерин көп кичүүмүн, а азыр болсо элге бир аз көрүнүп,  эл алдына чыга баштагандан кийин классика кийимдерин кийе баштадым.

- Алдыда  кандай пландарыңыз бар?

– Кылса иш бүтпөйт,  анын сыңарындай биз да аракет кылып жатабыз. Жакында “Атакем” “Досторго”  деген ырларыма клип тарттырып, талыкпай иштей бермей..

- Алтындай болгон убактыңызды бизге арнаганыңызга чоң рахмат.

Маектешкен Жыргалбек Бердибеков

Айбат гезити №79



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru