Айбат » Дары чөптөрүн өз алдынча пайдалануу

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Дары чөптөрүн өз алдынча пайдалануу

Herbs and SpicesКыргыз  эли байыртадан эле табият менен таттуу мамиледе болуп, жер шартын, суусун, токоюн жер-жемиш жана  дары  чөптөрүн абдан жакшы билишкен. Адам ооруганда дары чөптөрдүн гүлүн, мөмөлөрдүн жалбырагын, сабагын жана тамырын колдонуп келишкен. Дары чөптөрдү ырымдап  да жүрүшкөн. Касиеттүү элибиздин ою тунук акылман энелери арчаны, адырашманды түтөтүп үйдөгү терс энергияны, жагымсыз жыттарды кетирген. Ырым кылып каалоо-тилек  айтып, элдин бүтүндүгүн тилеген. 

20-май күнү Новое айылындагы Г.Капарова атындагы мектепте “Дары чөптөрдүн уруктарын жана тамырларын отургузуу (себүү) аркылуу, бал аары менен жергиликтүү жашыл аймакты чаңдаштырууну окутуу жана биоартүрдүүлүктү сактоо” деген аталыштагы 1 жылдык долбоор жыйынтыкталды. Бул долбоор 2013-жылдын 1-сентябрында башталып, бардык Кыргызстандын аймактарын кыдырып келген. Бул долбоордун башкы максаты болуп “Дары чөп менен бал аары боюнча топтогон жана билген тажрыйбаларды жаш муундарга өткөрүп берүү” болуп саналат. Бир жыл бою бул долбоордун жетекчиси Жанара Алкожоева эже жетектеп, Республиканын бардык мектептердин окуучуларына дары чөп жана бал аарынын пайдалары тууралуу сабак берип, акыркы жыйынтыктоочу мектеп Новое айылынын Г.Капарова атындагы мектеп окуучулар болгон. Бул тажрыйбаны үйрөнгөн окуучуларга атайын долбоордон  сертификаттар ыйгарылган. Жыйынтыктоочу кечеге  эки боз үйлөр тургузулган. Бир боз үйдө жалаң дары чөптөрдүн түрлөрү орун алса ал эми экинчи боз үйдө унутта калган улуттук тамак-аштар коюлган. Конок катары айыл башчысы, долбоордун өкүлдөрү жана айыл тургундары келип, окуучулар тарабынан уюштурулган чакан концертке күбө болуп кетишкен. Алгач чакан концертти Жанара Алкожоева эже өз сөзү менен баштап берди. Мектеп окуучулар тарабынан уюшулган чакан концерт аяктаганда, айылдын ак сакалы чыгып өз батасын бергенден кийин, келген коноктор боз үйлөргө кирип дары чөптөрдүн түрлөрү менен бирге унутта калган улуттук тамак-аштар менен таанышып чыгышты. Андан соң, айыл өкмөт тарабынан долбоорго берилген 20 сотик жердеги атайын  долбоор тарабынан себилген, дары чөптөрдүн өсүшү жана бал аарынын топтолушу жөнүндө жергиликтүү тургундар маалымат алышты. Жергиликтүү калк бул долбоордун алдыдагы иштерине ийгилик каалап, ыраазычылык сөздөрүн айтышты.

Айбат гезити №79




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru