Айбат » Агентте көп отурган жаштар “түнөл” орусуна чалдыгуусу мүмкүн. Түнөл оорусу кандай оору?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Агентте көп отурган жаштар “түнөл” орусуна чалдыгуусу мүмкүн. Түнөл оорусу кандай оору?

агентТүнөл-узак  убакыттын аралыгында пайда болуучу колдун оорусу. Компьютердин  чычканчасын (мышка) ар дайым оң кол менен кармап отурабыз. Ошондуктан, көпчүлүк учурда бул илдет менен оң колдун билеги жабыркайт. Оорунун эң негизги себептеринин бири-билектин ортосундагы нерв системасынын ооруга чалдыгышы. Бул илдет алакан сөөгүнө туура эмес таасирлерди тийгизүүнүн негизинде пайда болот. Туура эмес таасирлерге: компьютерде  колду эс алдырбай иштөө, оор жумуштарды ылгабай жасоо жана башка адаттар кирет.

Эмне себептен оору түнөл оорусу деп аталып калган?

Тарамыш чыканактан баштап билекке чейин келип, колдун манжаларына канал аркылуу өтөт. Ошол тогуз тарамыштын жанында бир чоң нерв өтөт. Тарамыш сезгенүүлөрдөн улам шишип, нервди кысып баштайт. Ошол каналчаларды  түнөл деп аталат.

Түнөл оорусуна чалдыкканыңызды  кантип билсеңиз  болот?

Колду ийиндин тушуна чейин алып келип, эки колду бириктирип бир канча убакыт туруп туруңуз. Эгерде колуңуз жана манжалардын арасы талый баштаса, түнөл оорусунун башталышы бар деп эсептелинет. Буга кошумча оорунун белгилерин да сунуштайбыз.

• Алдын кетиши, кол сайгылашып ооруусу;

• Тартылуу, жагымсыз сезимдердин пайда болуусу;

• Бардык манжалардын бир убакта ооруп калышы;

Эгерде илдет өтүшүп кете элек болсо, аны үй шартында дарылап алууга толук мүмкүнчүлүк бар. Мындай дарылануунун максаты-жагымсыз адаттардан болушунча тезирээк арылуу жана ооруну басаңдатуу болуп саналат. Күрөшүү канчалык ылдам жана эрте болсо, ооруну жеңүү ошончолук ыкчам болоору талашсыз нерсе. Биринчиден  компьютерде азыраак отурганга аракет кылыңыз. Адистер ар кандай жумушту жасоонун алдында колго күч келтирбей, эс алдырып турууну сунушташат. Колдун талып ооруганын азайтуу үчүн, күнүгө эки маал алаканды муздак сууга салып 10-15 мүнөт кармап туруу зарыл. Нерв системаларынын эс алуусун камсыздоого  дайыма укалап туруу да кошулат. Эгерде өз алдыңызча дартты жеңүү үчүн кылган иш-аракетиңизден майнап чыкпаса, сөзсүз түрдө тийиштүү дарыгерлерге кайрылыңыз. Кайдыгерликтен улам илдет өтүшүп кетсе, дарыгерлер хирургия жолу менен дарылоого аргасыз болушаарын эсиңизге салабыз.

 

Илдетке чалдыкпаш үчүн:

• Илдетке чалдыкпаш үчүн:

• Спорт менен машыгыңыз;

• Салмагыңызды нормадан ашык да кем да алып жүрбөңүз;

• Чылым чегүүдөн баш тартыңыз;

• Жумуш ордуңузду жана компьютердин баскычтарын ыңгайлуу коюп алыңыз;

• Ар бир эки саат сайын анча оор эмес көнүгүүлөрдү жасап туруңуз;

• Бардык ишти токтотуп 10 секунд болсо да, тынч отуруп нерв системаларын эс алдырыңыз;

• Муштумду түйүп алып колду оң жана сол жакка 10 жолу айландырыңыз.

Айбат гезити №79



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru