Айбат » Айпери Сыдыкова: “Колдоп жардам берип турган адамдарым бар”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Шоубизз » Айпери Сыдыкова: “Колдоп жардам берип турган адамдарым бар”

“Кыз Бурактын” кымча бел кыздарынын бири, аккуулардын арманын даңазалап ырдаган  чыгармачылык  менен үй- бүлөөнү тең салмакта алып, өз алдынча кыргыздын шоу дүйнөсүндө алектенип, аз да болсо кыргыздын  маданиятына салымын кошуп келе жаткан Айпери Сыдыкова  менен болгон маек.

Айпери Сыдыкова

- Сиз менен бизди байланыштырган сиздин чыгармачылыгыңыз, ал жаатта не жаңылык? Кененирээк айтып өтсөңүз?

– Чыгармачылыгым да жаңылык көп, азыркы учурда «самба» деген ырыма клип тартып бүттүм, Жаңы ырлардын үстүндө иштеп жатам, ал ырымды убакыт- сааты чыкса угуп каласыздар деген ойдомун, ал эми июнь айларында Россияга гастрольго чыгармачылыктагы  досторум  менен барып, ал жактагы боордошторубузга жакшы маанайда ырларымды тартуулап  келели деген ойдобуз.

- Россияга кайсыл чыгармачылыктагы досторуңуз менен барасыз?

– kg Элмурат, мен дагы да июнь айына чейин кимдер барат жана барбайт тактайбыз.

- Жакынкы арада күйөрмандарыңызга концерт берүү пландарыңыз барбы?

– Азырынча, концерт берүү оюмда жок. Бүт нерсе буйрук менен да, убакыт- сааты чыкканда баары өз орду менен болот.

- Чыгармачылыктан тышкары үй бүлөңүз тууралу кененирээк кеп салсак ?

– Кудайдын буйругу менен 2010-жылы турмуш жолуна аттанганмын. Жолдошум чек ара кызматкери, азыркы учурда Москвага окууга  кеткен. Жолдошум экөөбүздүн ортобузда бир уулубуз бар, буюрса 3 жашка август айында чыгат. Эң негизгиси чыгармачылыктан да үй-бүлөм биринчи орунда. Азыркы учурда Ошто балам экөөбүз жашап жатабыз, жолдошум келгенден кийин борборго көчүп келебиз деген пландарыбыз бар.

- Чыгармачылыктан тышкары эмне менен алек болосуз?

– Ооба, азыркы учурда бир жумуштан түшкөн акча каражаты менен жан багуу кыйын,                                                                                      чыгармачылыктан башка, Чек ара аскерлеринин алдында ачылган түштүк бөлүмүндөгү ансамбльде ырчы болуп эмгектенем.

Айпери Сыдыкова- Гүлшайыр эже менен азыркы учурда мамилеңиз кандай?

– Албетте, менин элге таанылып ушул даражага жетишиме бирден бир себеп болгон ушул адам деп айтсам жаңылышпайм. Гүлшайыр эжени биринчи устатым  катары сыйлайм, азбы –көппү чогуу иштештик. Ал адамга ошол  өткөн жылдар, ырлар үчүн ыраазычылык билдирем.

- Азыр Гүлшайыр эже менен байланышыңыз жокпу?

– Тыгыз байланышым деле жок, ал эже менен сыймын, көрсөм учурашып ал-акыбалын сурап  коём.

- Чыгармачылыкта жекече иштөө оор эмеспи, продюсерлик кылган адамдар барбы?

– Келишим түзүп иштешкен продюсерим деле жок, бирок колдоп жардам берип турган адамдарым бар. Ошто продюсерлер жөнүндө  кабарым деле жок экен.

- Кыз бурактын кыздары менен мамилеңиз кандай?

– Топтон  чыгып өз алдымча иштеп жатканыма көп болду, кыз бурактын өзүм иштеген учурдагы кыздар менен жакшы байланыштамын . Ал эми учурдагы топтон, Сайкалдан башкасын тааныбайт экенмин .

- Айтсаңыз кыз буракта 25 жашка чейин турмушка чыгуу болбойт деген келишим бар дешет,  ошол чын эле барбы, болсо сиз турмушка чыгып жатканда каршы болгон эмес беле?

– Чындыгында топто иштеп жүргөндө  ошол топ эмне кылса ошону кыласың, баары бирөө үчүн, бирөө баары үчүн дегендей. Мен болсо турмушка чыга элек  кезде кеткем топтон, ал эми топтун   мыйзамы болбосо тартип  да жок болсо керек. Ошондуктан бул суроону топтун жетекчисине берсеңиздер дейт элем.

- Айпери эже маегиңизге рахмат, эл ичинде үй-бүлөңүз менен бар болуңуз.

Маектешкен Акмат РААТКАН

Айбат гезити №79




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru