Айбат » Август айында Бишкекте маршруттук таксилер калбай калышы мүмкүн

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Август айында Бишкекте маршруттук таксилер калбай калышы мүмкүн

маршруткиТехникалык кароонун жоктугунан жарандарды ташыган микроавтобустардын ээлери лицензия ала албай келишет. Бул тууралуу фирмалардын жетекчилери Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев менен болгон жолугушууда билдирди.

“Жарым жыл өтсө да техникалык кароо дагы деле чечиле элек”, – дейт жеке фирманын ээси Юрий Петров. – Шаар аралык жүргүнчү ташыган автобустардын көйгөйлөрү башталды. Анын ичинде Алматыдан жүргүнчү ташыган автобустар да бар. Алардын машиналарын Казакстандан кармап атат. Биз өзүбүз да лицензия ала албай атабыз”.

Лицензия алууда негизги талаптардын бири техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу документ болуп саналат. Техникалык кароосу июнь-июль айларына чейин жарамдуу болгондор лицензия алышкан. Ал эми документи май айына чейин гана жарамдуу болгондор лицензиясы жок калышкан.

“Август айына карата көпчүлүк айдоочулардын лицензия жарабай калат. Техникалык кароону киргизмейин жаңысы берилбейт. Андыктан биздин азыр башыбыз катып атат. Мыйзамды сыйлайбыз деп жумушка чыкпай коюшубуз керекпи, же тийиштүү документтер жок жүргүнчү ташыйбызбы?”,- деп суроо салды Петров.

Эгер маршруттук таксилер токтой турган болсо, шаар тургундары автобустар менен троллейбустар ташып жетишпей калат.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru