Айбат » Шахида Аманбаева 1,5 млн доллар компенсация алабы?!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Шахида Аманбаева 1,5 млн доллар компенсация алабы?!

Талап-тоноочолук менен кармалган Чарльз Синглетари 1990-жылы убагынан эрте, шарты менен (орусча айтканда – условно досрочное освобождение – УДО) камактан коё берилет. Беш жылдан кийин аны кайра кармап алышат, бул жолу – адам өлтүрдү деген айып коюлган. Бирок иш сот отурумуна жетпей эле, материалдын жетишсиздигинен кулап калган.

Ошого карабастан, “УДО” боюнча комиссия Синглетарини 1990-жылы камактан эрте бошотулгандыгы боюнча шартты бузду деп, 7 жыл отуруп чыккан убакытка дагы 10 жыл кошуп, камап койгон. Комиссиянын бул чечимин талашып, жыйынтык чыкпай, Синглетри түрмөдө камалып келген.

Араң гана 2006-жылы жыйынтык чыгып, ал боштондукка чыгат.

2009-жылы бийликти сотко берип, чиновниктердин катасынан 10 жыл ашыкча отургандыгы үчүн компенсация талап кылган. Колумбия округу бул иш боюнча жооптуу болгондуктан “Синглетари копенсация талап кылганга акысы жок” деген, анткени ал отуруп чыккан “срок”, козголгон иштин курамы боюнча берилүүчү максималдык мөөнөттөн ашкан эмес.

Бирок Синглетари өз позициясын берген эмес жана сотту утуп алып, ар бир отуруп чыккан жыл үчүн 230’000, жалпы 10 жыл үчүн 2.3 млн доллар алмак болот.

Бул чечимди чыгарган сот Эми Берман Джексон, комиссиянын – “Синглетари оор кылмыш кылганы үчүн компенсация талап кылганга акысы жок” – деген сөзүнө “шок болгон”. Анткени, ал оор кылмышты Синглетари кылган дагы эмес да! “Юристтердин ою боюнча мурда, турмушунда катачылыктар болгон адам, боштондукка жана гумандуулукка акысы жок окшойт” – деп, сот баса белгиледи.

Шахида2010-жылы Токмок шаарында адам өлтүрүү фактысын жаап-жашырган деген айып менен кармалып, камакка алынган Шахида Аманбаева, ушул жылдын 29-май күнү боштондукка чыкты. Аны Чүй облустук соту, тагылган айып боюнча күнөөлү деп таап, 4 жылга кести. Бирок Шахида тергөө абагында үч жарым жыл отургандыктан, жаза мөөнөтү эчак эле аяктаган болуп эсептелет (сот 1 күн тергөө абагында жаткан мөөнөттү 3 күн түрмөдө жатканга барабар деп чечти).

Ошондо, жөнөкөй математикалык эсептөөлөрдөн кийин Шахиданын жаза мөөнөтү он жарым жылды түзүп жатат (үч жарым жылды 3кө көбөйткөндө). Эгер сот 4 жылга кескен болсо, алты жарым жылдык ашыкча мөөнөт үчүн, Шахида Аманбаева компенсация талап кыла алабы, же “Кыргызстан Америка эмес!” деп эле калып калабы? Кыргызстандын “демократиясы” Американыкынан кем эмес болгондо, Шахида деле мүмкүн 1,5 млн доллар алып калмак беле (6,5*230’000=-1’495’000), бирок ал ойго сыйбас кыял…

Шахида2Шахиданы тергөө абагында эмне кылышканы белгисиз, басмак түгүл сүйлөгөнгө алы келбей, сот чечими чыгып, абактан бошотулгандан кийин энесинин кучагында эсин жоготту.

Башкачасынан эсептешсе дагы – 4 жылга кесилсе, тергөө абагында максимум 1,5 жыл отурмак, бирок ашыкча дагы 2 жыл убакыт кеткен. Бийликтенби, тергөөчүлөрдөнбү, соттонбу же башкалардан кеткенби, айтоор ошол ашыкча 2 жыл үчүн компенсация талап кылып, аягына чыгып, процессти утуп алуусуна жана ден-соолугу оңолуп, тезирээк сакайып кетишине тилектешпиз!

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №80



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru