Айбат » Сырттагы мекендештерибиз Талиеваны «тайсын» дешти

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Сырттагы мекендештерибиз Талиеваны «тайсын» дешти

Талиева Камила«Ар-намыс» фракциясынын сунушунун негизинде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин «эки тизгин, бир чылбырын» колго алган Камила Талиевага карата нааразычылык күчөгөндөн күчөп барат. Алгач өнөр адамдары өкмөт үйүнүн алдына өкүрүп түшүп, Талиеванын келиши менен маданият тармагынын «жаназасы» окулганын билдиришсе, эми ага чет жерде жүргөн кандаштарыбыз каршы чыга башташты.

Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси 3-майда Астана шаарында өткөнү маалым. Демократ акынга арналган “Ала Тоо булбулу –Токтогул” аттуу иш-чараны Казакстан эл ассамблеясынын мүчөсү болгон “Кыргызстан-Астана” этно-маданий биримдиги уюштуруп, аны өткөрүүгө Астана шаарынын жетекчилиги, Түрк академиясы жана ТҮРКСОЙ уюму колдоо көрсөткөн экен. Ал эми салтанатка Маданият министри Камила Талиева конок катары гана  чакырылыптыр. Мааракенин башкы уюштуруучусу, “Кыргызстан-Астана” этно-маданий биримдигинин жетекчиси Шавкат Исмаиловдун «Азаттык» радиосуна курган маегине караганда, Камила айым Кыргызстанга келгенден кийин маалымат каражаттарына курган маегинде ал иш-чараны өзүнө ыйгарып алган жана чыныгы уюштуруучуларын унутта калтырып койгон. «Биз эки айдан бери чуркап жүрүп,  ошонун баарын уюштурганбыз. Жок дегенде уюштуруучулар ушулар деп, атыбызды айтып койбойбу. Менде “Замананын” жаздырылган берүүсү турат. Ал жерде да “биз өткөрүп келдик” дейт. “Өткөрүп келдик” дегени “мен барып өткөрдүм” деп айтып жатканы да. Мындан улам, Казакстан, Россия жана Түркиядагы Кыргызстандын диаспора өкүлдөрү мындан ары К.Талиева менен кызматташуудан баш тартышты. Бойкот дегенибиз, эгер Камила Талиева бир иш-чара уюштурса барбайбыз. Эмне үчүн барбай тургандыгыбызды да ачык жарыя кылабыз. Анан өзүбүз дагы ушул сыяктуу дагы бир иш-чара уюштура турган болсок, башкасын чакырсак да, Талиеваны чакырбайбыз» деген Шавкат мырза диаспора өкүлдөрү вице-премьер Элвира Сариевага ачык кат жолдошконун кошумчалады.

Бул окуядан көп өтпөй океандын ары жагындагы «Кыргыз Клаб» бирикмесинин жетекчиси Айбек Хакимов АШКдагы кыргыз диаспорасы да Камила Талиевага байкот жарыялаганын жар салды. Анын интернеттеги социалдык түйүндөгү баракчасына жазганына караганда, 3-майда Астана өткөн иш-чараны К.Талиеванын өзүнө менчиктештирип алганы себеп болуптур. А.Хакимов Россия, Казакстан, Түркиядагы мекендештерибизди колдоо иретинде ушундай кадамга барышканын жашырган эмес.

Эркин басылмалардын бири тамаша-чынга чалып жазгандай, «Тандаган Талиевага жолугат» болуп жатабыз. «Ар-намыстын» «атасы» Феликс Куловдун жүргүзгөн кадр саясатынын кейпи ушул. Камила айым Саякбай Каралаевди «залкар композитор» деп уят болуп, четтеги мекендештерибиздин нааразычылыгын жаратып жатса, Абдырахман Маматалиев өгүнү Баткендеги чыр-чатак менен жеринде тааныша коем деп жатып бир саатча туткунга түшүп, өлдүм-талдым дегенде бошонуп чыкты. Убагында «темир генерал» атыгып, кийинчерээк «желим генерал», «жыгач генерал» атка конгон Феликс Шаршенбай уулунун карылыкка алдырганы ушул эмеспи

Айбат гезити №80



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru