Айбат » Дастан Бекешев: “Учурда айдоочулук күбөлүктү 10 миң сомго сатып алууга болот”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Дастан Бекешев: “Учурда айдоочулук күбөлүктү 10 миң сомго сатып алууга болот”

Бекешов ДастанУчурда айдоочулук күбөлүктү 10 миң сомго сатып алууга болот, деди «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Дастанбек Бекешев 29-майда парламенттин отурумунда.Анын айтымында, документтерди эки күндө даярдоого болот, бирок коррупция менен каршы күрөш жүргүзүүдөн улам анын баасы 5 миң сомдон 10 миң сомго жогорулады.«Айдоочулар сынак тапшыруу жөнүндө арыз жазат. Бирок, эч ким өзүнөн сынак албайт», – деген эл өкүлү, мыйзам долбоорунда авто мектептерде практикалык сабактардын видео жазуусун талап кылуу жана өз алдынча даярдануу менен күбөлүк алууга тыюу салуусунушталат, деп кошумчалады.«Ата Журт» фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров, маселе даярдоодо эмес, деген пикирин билдирди. «Маселе күбөлүк Мамлекеттик каттоо кызматынан кантип берилээринде. Тиешелүү параны алган кызматкерлер күбөлүк жазып беришет. Ал жакта коррупцияны жок кылсак, маселе болбойт, айдоочу үйүнөн, мектептен же чет жерден окуганында айырма жок», – деди У.Кочкоров.

Айбат гезити №80




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru