Айбат » Сүйүнчү! Эми айдоочуларды эле эмес, жол кызматкерлерин да чоң айыпка жыгууга болот!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Сүйүнчү! Эми айдоочуларды эле эмес, жол кызматкерлерин да чоң айыпка жыгууга болот!

Маичилерге айыпИчки иштер органынын кызматкери айдоочуну жөнү жок тозуп токтоткон болсо, анда ал 20 миң сом айыпка жыгылат.

29-май күнү Жогорку Кеңештин депутаттары, жол эрежелерин бузгандарды административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча Кодексти оңдоп-түзөө мыйзам долбоорун, биринчи отурумда кабыл алышты.

Мыйзамга ылайык, эгер кызматкердин өздүк күбөлүгү жана дислокациялык картасы жок болуп, айдоочуну жөнү жок токтоткон болсо жана себептүү токтотконун далилдеп бере албаса (фото, видео камерага же башка техникалык аппаратка түшүрүлгөн далил), анда ал кызматкер 20 миң сомдук административдик айыпка жыгылат.

Сүйүнгөнүбүздүн себеби – эми айдоочу жана жол кызматкери бирдей жооптуу жана эки тарап тең мыйзамды бузбай, укуктарын коргойт деген тилек!

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №80




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru