Айбат » Ак-Жар айылына мектеп куруу үчүн 10 млн сом бөлүнөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ак-Жар айылына мектеп куруу үчүн 10 млн сом бөлүнөт

Ак-Жар мектебиБилим  берүү  жана Илим  министри  Канат   Садыков  Кочкор  районунун   Ак-Жар айылындагы 2007-жылы  колдонууга   берилип,  2 жылдан  соң  жарактан  чыгып  калган  мектепке  барды. Маалыматка  ылайык,  К.Садыков  айылдын  жашоочулары,  жергиликтүү  кеңештин  депутаттары жана  мектептин  мугалимдери  менен  жолугушту.  Ал  ушул  жылы  баштала  турган  жаңы мектептин  курулуш  иштерине  10 млн сом бөлүп  берүү  жөнүндө  маалымдады. “Оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлө  турган  бош  үйлөрдү  карап  чыгып, сентябрдан тарта  мектеп  окуучулары окууларын  улантышат  деп  айткандыгын”, – аймактык  кабарчыбыз кабарлады. Ушул  “Хан Теңри” курулуш  компаниясына   эч кандай  укуктук  баа  берилбегени  жана  ошол  убактагы  ЖКнын төрагасы  Адахан  Мадумаров,   ушул  компанияга  жан  үрөп  колдогонун  экс –министир Ишенбай Кадырбековдун айтканы бар. Ушул аты  аталган инсандар  азыр  деле  жогорку  кызматтарда олтурушат.  10млн  сомду  элден  эмес,   эргулдардан  алса  жакшы  болмок- жолдош  министр.

Айбат гезити №80




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru