Айбат » А.Келдибековду сыртка алып чыгып кетүү аракети көрүлүүдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » А.Келдибековду сыртка алып чыгып кетүү аракети көрүлүүдө

Келдибеков АхматбекЖоКенин 29-майдагы жыйынында абактагы депутат Акматбек Келдибековго байланышкан маселе көтөрүлдү. «Ата журтчу» Жылдызкан Жолдошева партиялашынын абалы оор экендигин, аны чет өлкөгө алып чыгып дарылоо керектигин билдирди. Бирок, муну тастыктоочу документтерди көрсөткөн жок. Ушунун өзү «ата журтчулардын» Келдибековду оорусуна шылтоолоп, сыртка алып чыгып кетүүнү көздөгөнүн айгинелебейби? Бул биринчиси деп туруңуз.

Экинчиден, эл өкүлдөрү А.Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылышты. Ал эми мыйзам боюнча, соттун чечимине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жоктугун депутаттар билишпейби? Ойда сонун билишсе керек, ошого карабай, атайылап талап кылып жатышкандары эмнеден кабар берет?

ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков жетекчилик тараптан А.Келдибековго тийиштүү шарттар түзүлүп берилгенин айтты. «Жансакчы керек десе жансакчы бөлүп бергенбиз. Дарыланам десе ооруканага жаткырдык. Парламенттик демократияны эмне үчүн курабыз деп жатабыз? Биз бардыгына ачык айкынбыз, депутаттар тарабынан бардык маселелер ачык көтөрүлүп жатат. Нааразычылык акцияларын өткөрүш керек, бирок жол бууган жарабайт. Бул эскирген ыкма» деген спикер алайлык туугандарды жолду ачып, мыйзам чегинде талап коюуга чакырды.

Айбат гезити №80




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru