Айбат » «Шрек» Сатыбалдиев эми криминалга жабыштыбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Шрек» Сатыбалдиев эми криминалга жабыштыбы?

Сатыбалдиев ЭлмурзаУбагында популярдуулукка ээ болгон «Шрек» мультфильминдеги башкы каарман Шректи мурдагы Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевге салыштырып, ага «Шрек» лакап атын ыйгарышкан эле. Ал эми Шректин жанынан чыкпай, кээде чукулдаша урушуп, кээде элдешип, ынак дос болгон Эшекти «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевге окшоштурушат. Бул эки эргулдун кантип кыздарды кылтагына илгени, «Шректин», тоюс, Элмурза Ракыевичтин өзүнө жакпаган саясатчыларды Асланбектин колу менен «жайлаганы», «Азия-Ньюстан» «бомбалаганын» тар чөйрөдөгүлөр жакшы билишет. Эми ага кенен токтолбойлу, аталган гезиттин кечээги санындагы кызык көрүнүштү ортого салалы.

Гезиттин 6-бетинде «А.Анапияев Улуу Орозо айында мекенине кайтабы?» аталыштагы куш тилиндей кабар жарыяланыптыр. Анда кримдүйнөнүн төбөлдөрүнүн бири саналган Алманбет Анапияевди: «Эл аралык «Алыш» белбоо күрөш федерациясынын президенти Алманбет Анапияев буга чейин айрым МЕНТтер тарабынан караланганы, алтургай президентке чейин тескери маалыматтар жеткени боюнча сөз болуп келет. Ошонун айынан ал алыскы Араб өлкөлөрүнүн биринде жүргөнү маалым. А эл арасында болсо Алманбет мырзаны меценат, кайрымдуу инсан катары кабылдашканын көрүп эле жүрөбүз. Натыйжада бизге жеткен маалыматтарга караганда А.Анапияев Улуу Орозо айында мекенине кайтаары. Бишкекке келери боюнча кабарланууда» деп көкөлөтө мактаптыр. «Эшектин», кечиресиздер, Асланбектин акеси Элмурзанын буйругусуз кимдир бирөөнү жамандап же мактабасын эске алсак, Э.Сатыбалдиев Анапияевди ачык пропагандалай баштагандагы кербезиби? Саясатчылар бүтүп эми «караларды» мактата баштаганы эмнеси ыя?

А.Анапияев менен белгилүү изкубар, Бишкек ШИИБнин жетекчиси Мелис Турганбаев тирешип жүргөнүн билебиз. Ал эми жогорудагы жаңылыкта: «Эл аралык «Алыш» белбоо күрөш федерациясынын президенти Алманбет Анапияев буга чейин айрым МЕНТтер тарабынан караланганы» деген сүйлөм Мелис мырзага багытталган болуп калабы? Кызык, Элмурза Ракыевич М.Турганбаевге неге анчалык өчөшүп калды болду экен? «Шрек» биринчилерден болуп «согуш» ачты, «манты кулак» Турганбаев кандай жооп узатарын көрө жатарбыз…

Айбат гезити №80



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru