Айбат » Эльвира Сурабалдиева: “Кудаяров Жээнбековдун аппетити ачылганын жана дагы акча бериш керектигин айтты…”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Негизги, Саясат » Эльвира Сурабалдиева: “Кудаяров Жээнбековдун аппетити ачылганын жана дагы акча бериш керектигин айтты…”

Сурабалдиева Эльвира«Жылдын парасы» болуп бул жолу антимонополдук Мамлекеттик агенттиктин адиси Нургали Кудаяровдун «Кудайберген» базарынын башкы директору Эльвира Сурабалдиевадан коркутуп талап кылган 300 миң сому болуп калды. Өткөн аптанын жума күнү ал экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Мамлекет кызматы тарабынан пара алып жаткан жеринен кармалды. Кудаяровго карата кылмыш кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) аркылуу кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен ал тергөө маалында абакта отура турган болду.

Эң кызыктуусу, ал акча талап кылып жатканда жазылып алынган аудио жазуу менен видеотасмаларда мамлекеттик кызматкер алып аткан акчасы агенттиктин жетекчиси Бабырбек Жээнбековго бериле тургандыгын кайра-кайра бекемдейт.

Социалдык түйүндөрдө азыр бул аудиожазууну талкуулагандар миңден ашты. Суравалдиева бул окуяны жөн гана ыпластык эмес, антимонополдук агенттиктин кызматкери Кудаяровдун ач көздүгү да деп эсептейт.

Акыркы эки айдан бери автобазарда окуя кандай уланганын жана паракордун атайын операциясы кандай жүргүзүлгөндүгү тууралуу Эльвира Сурабалдиева өзү айтып берет.

- Эмне үчүн сиз өзүңүзгө тиешелүү базардын айланасындагы бардык окуяны бир түйүнгө байланыштырып жатасыз?

– Бардыгы апрель айындагы митингден башталды. Базардын сатуучуларын жаңы көтөрүлгөн тарифти төлөбөш керек деп кимдир-бирөө атайын козутуп чыкты. Алдын-ала эле айтып коёюн: Биз базардын жетекчилиги ижара акысын эки эсе көтөрүүнү пландап жатабыз. Бул тууралуу жылдын башында эле айтылган. Бул жаңылыкты ижарага алуучулар энтузиазмы жок кабыл алышты. Бирок, ачык түрдө эч ким каршы билдирүү айткан жок. Анткени акыркы 10 жылдан бери ижара акысын көтөрүү болгону 1400 сомго болгон. Ошол эле учурда Бишкек мэриясы жердин ижарасы акысын бизге 2005-жылдан 2014-жылга чейин 30 эсе көтөрдү. Чыгаша үчүн бир дагы бизнесмен иштебейт. Андыктан биз ижара акысын көтөрүү чечимине келгенбиз. Мен Кыргызстанда үч ай болгон эмесмин. Качан мен келерим менен бул митингдер башталды…

- Аны ким уюштуруп атат?

– Митингдерде өзүн антикоррупциялык кеңештин эксперти катары көрсөткөн белгисиз эле Иван Дробитько жана анын пикирлеши Нурлан Данияровдор сөз сүйлөп келишет. Алар биздин базардын аймагында митингдерди уюштуруп, бул жер Коргоо министрлигине тиешелүү деп элди ишендирип келишет. Мен түрдүү деңгээлде өзүмдүн таза салык төлөөчү экендигимди тастыктоого аракет кылып келем. Ижара акысы эмне себептен көтөрүлө тургандыгы тууралуу бардык эсеп-кысаптарды көрсөтүп атам. Бирок митингдер токтобой атат. Соода кылгандардын бир бөлүгү көтөрүлгөн тариф менен ижара акысын төлөөгө макул болбой жатышат. Ошол эле учурда Мамлекеттик антимонополдук комитетте жаңы тарифти кабыл алуу процесси жүрүүдө. Эки айдан бери алар мына ушул процессти чоюп келишет. Бирде кандайдыр бир документтер жетпей жатат дешет, бирде кандайдыр бир шылтоолорду айтышат. Ал эми митингдер уланып келет. Жогоруда аттары аталган экөө болсо өздөрүн «Кудайберген» базарынын профсоюзунун жетекчилери катары атап алышты. Аны менен бирге ММКларда базар жана анын жетекчилиги тууралуу терс пикир жараткан макалалар чыга баштады. Анан антимонополдук комитет жана экономика министрлиги комиссиялык планда эмес текшерүүлөрүн жүргүзө башташты… Бизди жөн гана ызы-чуу кыла башташты. Мына ушул эки ай жөн эле азап болду. Мындай хаостон пайдаланып айрым сатуучулар патент сатып алууну токтотушту. Апрель айы патент боюнча эле өлкө бюджети 400 миң сом албай калды.

- Пара тууралуу кеп качан козголду эле?

– Эмне үчүн тарифтер макулдашылбай жатканына мен түшүнө албай турам. Мен өзүмдүн туура жолдо экендигиме ишенип, антимонополдук агенттикке бардык документтер менен жумушка баргандай барып аттым. Бир нече жолу анын жетекчиси Бабырбек Жээнбековго киргенге аракет жасадым. Бирок, ал мени кабыл алган жок. Мына ушунун баары бир жарым айдай созулду. Менин ишим менен адис Нургали Кудаяров алек болгон. Акыр аягында мен өзүмдү кармана албай «Сиз менин документтеримди кайтарып бериңиз, расмий отказ жазып бериңиз. Биз болсо сиздин чечимиңизге сот аркылуу нааразы экенибизди билдиребиз» деп айттым. Буга Нургали Кудаяров жооп кылып, бул кырдаал дагы бир нече айга созулушу мүмкүн экендигин билдирип, андай кырдаал мен үчүн жакшы эмес экендигин кыйытып айтты. Анан ал мага шефине кирип, маселени түз чечип алса болот экендигин билдирди. Андан кийин ал ачык эле 200 миң сомго процессти ылдамдатууга жардам бере аларын айтты.  Мен мындай талап кылууга аябай таң калдым. Базардын иштеп аткан 20 жылынан жана башкы директор катары иштеп аткан 10 жылдан бери биз эч кимге эч качан пара берген эмеспиз. Мен өзүмө өтө жакын чөйрөдөгү адамдар менен кеңеше баштадым.  Алар мага көпчүлүк учурда бизнесмендер кимдир-бирөөнү коррупциялык ишин ачам деп атып, акыр аягында өздөрү күнөөлүү болуп калат деп айтышты. Анткени биздин укук коргоо органдары кырдаалды башкача ойноп кетиши мүмкүн. Мен мындай кырдаалды өзүмдүн башымдан жакшы эле өткөрдүм. Мына ушул эки ай ичинде мен ИИМге, УКМКга, Башкы прокуратурага базардын айланасындагы кырдаал тууралу көп жолу кат жаздым. Анан болгону УКМКнын шаардык өкүлчүлүгүнөн гана жооп алдым. Алар да «Бул сиздин маселеңиз, өзүңүз чечип алыңыз» деген жооп болду.

- Анан сиз системага каршы чыгууну чечтиңизби?

– Менде бул кырдаал аркылуу акча гана эмес, бизнести тартып алуу аракети болуп жаткандай таасир калды. Бул рейдерлик ыкма. Бул жерде бир эле мамлекеттик чиновник аралашкан эмес. Мен Кудаяровду атайын даярдап, кантип сүйлөй турганын айтып жөнөтүшкөн. Аудиожазууда Кудаяров тартынбастан эле паранын баасы көтөрүп жатат: «Митингдердин айынан кырдаал курч болуп калды. Анан Жээнбеков эми кол коё албай тургандыгын айтты. Анын аппетити ачылды жана ал 6 миң доллар бериши керек деп айтты». Бул сүйлөшүү күпкүндүз эле базардын аймагында болду. Мени менен экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Руслан Умаров чогуу иштеди. Ал мага закон мен тарапта экендигин, андыктан эч нерседен коркпой эле коюшумду айтты.

- Операция кандайча жүрдү?

– Мага диктофон беришти, видеокамера болду, анда бардыгы тартылып алынган. Кудаяров мурун Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери болгон экен, андыктан анда мындай иштерге тажрыйба болсо керек. Ал өзүн өтө этият алып жүрдү. Мен болсо нервтенип аттым. Анткени ар кандай ашыкча сөз, ашыкча кыймыл-аракет акыр аягында өзүмө каршы болуп калат болчу. Аны менен эртең мененки 9да жолугуу тууралуу макулдаштык. Бирок ал аны саат 12ге жылдырды. Андан кийин 14:00го. Менин оюмча ал сактанды. Мүмкүн кандайдыр бир шек санады… Анан күтүүсүздөн эле телефон чалып 15 минутадан кийин базарда болом деп айтты. Мен болсо мына ушул убакытта диктофонду жана жашыруун камераны күйгүзүп жана моралдык жактан даяр турушум керек болчу…

Качан ал менин кабинетиме келгенде өзү жөнүндө өтө узакка айта баштады. Андан кийин биздин документтерди көрсөттү. Анда бардыгы туура катталып жана кол коюлган болчу. Мен анын балким абийири ойгонуп, талап кылып жатканынан кайтабы деп ойлодум. Бирок, ал документтердин бардыгын кайра портфелине салып, башы менен акчаны чыгар дегендей белги берди. Ага жооп кылып мен акча салынган сумканы көрсөттүм. Ал мени көчөгө чыгып, машинесине отуруумду сунуш кылды.

Мага алдын-ала эле мени текшериш үчүн ал өзүн ошондой алып жүрөөрүн эскертишкен. Андыктан мен эч нерсе билгизбей анын машинесине барып отурдум. Андан кийин ал кайра менин машинеме отуралы деп сунуш кылды. Биз машинеге отурдук. Анан ал калькулятор менен эсептеп «алты миң доллар- 315 миң сом» деп айтты. Мен ага мурда 300 миң сом деп айтканын эскерттим. Бирок, ал Жээнбеков 6 миң доллар алып кел деген деп, ал доллар сатып алышы керек экендигин билдирди.

Мунун баары өтө уятсыз көрүнүш болчу. Мен акчаны алып чыгып, ага бардыгын бердим. Анан ал акчаны алып, калган 15 миңди кандай кылабыз деди. Мен аны кабинетине алып барып берем дедим. Андан соң ал өзүнүн машинесине отуруп кетип бараткан жеринен кармалды. Кармоо учурунда анын чөнтөгүнөн акча чыгат. Анан ал «Эльвира бул акчаларды менин чөнтөгүмө салып койду, ал мени бул акчаларды алууга мажбурлады. Аны пара бергендиги үчүн камагыла!» деп кыйкырды.

- Сиздин бул кадамыңыз көпчүлүк кыргызстандыктарды суктантты. Бирок, бул ишке аралашкан адамдар таасирдүү адамдар. Бабырбек Жээнбеков оппозиция лидери Равшан Жээнбековдун атасы. Сиз өзүңүздүн коопсуздугуңуздан коркпойсузбу?

– Закон мен тарапта. Мен коркпойм. Мен бул адам мыйзам алдында жооп бериши керек деп эсептейм. Ал калган коррупционерлерге сабак болушу керек. Мага эмитеден эле таасирдүү адамдар, депутаттар байланышка чыга баштады. Алар Нургали Кудаяров тууралуу сүйлөшкүлөрү келет. Бизде мына ушунун баары ачык эле абийирсиз жол менен жасалат. Мен 300 миң сомду жакшы эле акча деп эсептейм. Мынча акчаны чогултуу үчүн адамдар жылдап иштешет. Мен бюджетке салык төлөйм, анан эмне үчүн дагы аферисттерди багышым керек. Бул акчага ал кызмат ордун сатып алып, андан ары дагы бизнесмендерди коркутуп акча алышы керекпи? Мен алдын-ала эле айтып коёюн. Кимде-ким мына ушул адамга жан тартып тергөө иштерине кысым жасап, менин үй-бүлөмө, жакындарыма, досторума басым жасай турган болсо, бул маалыматты мен басма сөз аркылуу жарыя кылам. Элибиз бул кылмышкердин артында ким турганын билиш керек.

“Дело№” гезитинен которулду

Айбат гезити №80



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru