Айбат » Антимонополчу Бабырбек Жээнбековго эми тил бүттү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Антимонополчу Бабырбек Жээнбековго эми тил бүттү

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 23-майда өкмөттүн алдындагы монополияны жөнгө салуу агенттигинин кызматкери Нургалы Кудаяровду кылтакка илип, Биринчи Май райондук соту аны эки айга камакка алды. «Кызыл өңгөч кекиртек, кыйла жерге секиртет» сыңарындай, Н.Кудаяров борбордогу «Кудайберген» базарынын жетекчилигинен ижара акысын жогорулатканы үчүн 300 миң сом пара сурап, анын 100 миң сомун алып жаткан жеринен кармалып отурат. Маалыматка караганда, Кудаяров каражатты кожоюну Бабырбек Жээнбековго берерин айтыптыр. Албетте, муну тийиштүү органдар аныктайт дечи, бирок, ушу кезге чейин унчукпай шүк отурган Антимонополдук агенттик үн катып, аталган базардагы ижара акынын жогорулашын жүйөөлүү деп тапты.

1

Агенттиктин ырасташында, «Кудайберген» базарынын жетекчилиги тарифти көтөрүүнү макулдашкан жана буга 2009-2014 -жылдар аралыгындагы көрсөткүчтөр себепкер болгон. Беш жылдын аралыгында эмгек акылардын 102га, мэриянын жерди ижара акысын 45га жана базардын кайтаруу кызматы 11 эсеге жогорулашы ижара акысын жогорулатууга себепкер болгонун Монополияны жөнгө салуу агенттиги баса белгилейт. Качан гана кол астындагы кызматкери темир торго түшкөн соң шашылыш билдирүү таратып, «Кудайберген» базарынын жетекчилиги ижара акыны туура көтөргөн деши күмөндүү ойго жетелейт.

Анын үстүнө, сөз жүрүп жаткан базардын кожойкеси Элвира Сурабалдиева интернеттеги социалдык түйүндөгү баракчасына жазган комментарийинде, бул иште башкы антимонополчу Бабырбек Жээнбековдун катыштыгы бардыгын жашырган эмес. Эртеңки күнү Бабырбек мырза бизге таарынып, соттон сотко сүйрөбөсү үчүн Элвира айымдын пикирин кыскартып, эч оңдоосуз жарыялайбыз. Анда ал минтет:  «Шеф Антимонополии в курсе, что 92 процента они мне сразу же и подтвердили, но я не согласилась, потому что обосновала 100 процентное повышение. На собрании торговцев нашего рынка, ранее я объявила о 100 процентах и они знали, что для меня это вопрос принципа. И за эти 8 процентов они и вымогали с меня взятку в 300000 сомов. Доки то у меня.  Бабырбек байке, ну не позорьтесь, а? Я ведь до суда доведу и все дополнительные расходы во время митингов, плюс моральную компенсацию предъявить могу. Чего меня-то пугать? Наберитесь смелости, и напишите мне отказ от подписанных вами тарифов по рынку “Кудайберген”, и я пойду в суд, и публично докажу законность и обосную 100 процентов. Но тогда, из принципа, я буду судиться до того момента, пока не уволят всех в этом гадюшнике. И еще, есть запись, где Кудаяров Нургали говорит, чтобы я поехала с ним в Антимонополию (после получения взятки): “Жеенбеков сказал, чтобы ты приехала и извинилась перед ним за то, что написала письмо о не согласии с проверкой.” Это письмо, кстати, я выкладывала вчера в моей теме здесь. Вообще жутко, на каком уровне мыслит руководитель огромного ведомства. А ведь они “кошмарили” не только нас, по стране есть сотни больших и маленьких рынков- может стоит генеральной прокуратуре и другим соответствующим ведомствам начать проверку деятельности этого учреждения? Поверьте, там есть куча интересного материала. Могу оказать свои услуги, ну там в качестве независимого консультанта по рынкам, если понадобится».

Бабырбек мырзанын кол алдындагы кызматкери аркылуу 300 миң сом өндүрүүнү көздөгөнүн Элвира Сурабалдиева тастыктап отурат. Мындай учурда тийиштүү органдар Б.Жээнбековдун жоопкерчилигин да карашы керек го? Себеби убагында Равшан Сабиров жардамчысынын көрсөтмөсүнүн негизинде соттолгону белгилүү. Же Сабировго иштеген мыйзам Б.Жээнбековго иштебеши керекпи?

Айбат гезити №80



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru