Айбат » Бабырбек Жээнбеков кол алдындагы басылмалар аркылуу согушту жандандырдыбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бабырбек Жээнбеков кол алдындагы басылмалар аркылуу согушту жандандырдыбы?

маалымат согушуАнтимонополдук агенттиктин төрагалыгынан ыргыганына ичи туз куйгандай ачышып, эски «казыгына» кайтып келүүнүн жолу катары КГБ (Кыргыз гезиттеринин биримдиги) аталыштагы кыймыл түптөп, Ак үй, Көк үйгө каршы маалымат чабуулун күчөтүмүш эткен Бабырбек Жээнбеков акыры көздөгөн максатына жеткенин билебиз.

Агенттиктин тууруна конгону КГБсын унутуп, чээнге кирген аюудай дымып калды. «Бу Бабырбек кесиптешибиз качанкыга чейин унчукпай шүк отурар экен?» деп шыпшынышкан журналисттер мындан көп. Кол астындагы кызматкери «Кудайберген» базарынын жетекчилигинен 300 миң сом пара сурап, анысын шефи Б.Жээнбековго берерин айткандан кийин Бабырбек Субанович кыймылга кирди. Албетте, ачык эмес. Сайттардын бирин жашыруун каржылап, ал аркылуу жөнсүз, бир жактуу шыбамай, сабатсыз материалдарды жайылтып жаткан кербези. Аталган сайттын башкы редактору убагында «Алибинин» журналисти болгону мунун тирүү мисалы.

Эгер эртеңки күнү ээрден шыпырылчу болсо, кайрадан КГБсын жандандырып, көчөдөгү ушакчы эжекелерче «ушакташмайга» өтөрү аштан бышык. Журналисттердин аксакалынын биримин деген кишинин кызмат үчүн журналистиканы курал кылып көтөрө чуркаганы аргасыздан баш чайкатат. Аксакалыбыздын кейпи бул болсо, анын артынан ээрчиген, таалим-тарбия алган жаштардан кайсы жакшылыкты күтүүгө болот?

Айбат гезити №80



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru