Айбат » Тажыбек Арыналиев, №136-каттамдын бригадири: “Жол бизге эле керек окшойт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Тажыбек Арыналиев, №136-каттамдын бригадири: “Жол бизге эле керек окшойт”

айдоочуБорборубуздун көчөлөрүндө жүргүнчүлөрүбүздү ташыган №136-каттамдын айдоочуларынын мактоого арзыган иштери жөнүндө угуп, демилге ишке ашкан жерге барганыбызда бригадир Тажыбек Арыналиев жардамчылары менен ошол жерде жүргөн экен.

- Ишиңер илгери болсун Тажыбек мырза! Сиз жетектеп жаткан №136-каттамдын айдоочулары менен биргеликте Репина-Маликова көчөлөрүн оңдотушту деп угуп калдык. Жолду оңдоо жөнүндөгү ой эмнеден улам пайда болду?

– Жолду оңдотконубуздун себеби, ушул жол менен айдоочуларым канча жылдан бери элди ташып келишет. Буга чейинки жолдун абалын көрсөңөр  жанды ыйлатчу абал эле.  Биз бул жолдон өтүп жатканда “Кудай өзүң сактай көр” деп тиленчи элек. Жолдун абалы ушунчалык начар абалда болчу. Ушул жердин жашоочуларынан деле сурасаңар айтып беришет. Аңгыл-дөңгүл жол менен айдаганда соо турган машинелердин тетиктери бузулуп, өзүнөн өзү чачырай баштайт. Анан аны канча деген акчага оңдотосуң. Ошондуктан эң биринчи көйгөй  – машине жолдоруна кам көрүүнү чечтик.

- Бул маселе боюнча жергиликтүү бийликке, жогорку тарапка кайрылып көрдүңөрбү?

– 2005-жылдан бери мэрияга кат жолдоп, кайрылып келдик эч бир майнап чыкпады. Жергиликтүү бийлигине, квартальныйларына, ушул көчөлөрдүн жашоочуларына, деги койчу, баарына айтып көрдүк. Эч кандай жыйынтык болгон жок. Тажаганыбыздан жол бизге эле керек окшойт деген жыйынтыкка келип, минтип өзүбүз оңдоого туура келди.

- Жолду оңдотуу арзан турбаса керек? Кайсы көчөнү, канча жерин жана эмне кылып оңдоттуңуздар?

– Гагарин көчөсүнүн баш жагы, Репина, Маликова көчөлөрүнүн 1 км, 800 метр жерин жасаттык. Асфальт  төшөткөнгө алыбыз жетпейт, ал миллионду чапчыйт. Кум, шагыл төктүрүп, жолдун уңкул-чуңкул жерлерин грейдер менен түздөттүк. Ушул аткарылган иштердин эсеп-чотун алсак 70000 сомго чыгыптыр.

- Каражат маселесин ким көтөрдү?

– Айдоочуларым менен кеңешип, бригада болуп чыгардык.

- Эч кимиси каршы болгон жокпу?

– Каршы болмок турсун, кайта сүйүнүштү. Ойлоп көрсөңүз, машинеси бузулуп аны оңдоткончо, жолду оңдотууга акча бергени пайдалуу болуп атпайбы.

- Ушул №136-каттам Көк-Жарга да барат эмеспи, сиздер ошол жактын да жолун оңдоттуңуздар беле?

– Ооба. Же бийлиги, же башкасы кыймылдабаса, кой “Битке өчөшүп, көйнөгүңдү отко салба” болбойлу деп, анда да өзүбүз Көк-Жар конушундагы Шоокум көчөсүнүн 1 км, 3 метр жерин оңдотконбуз.

- Тажыбек мырза, идеяны өзүңүз айтасызбы айдоочуларыңызга? Бригадаңызда канча киши иштейт?

– Анан ким айтат? Өзүм 13 жылдан бери эмгек аркалап келем. Айдоочуларыма да бир четинен ыраазымын, жакшы ишти жолго таштабай колдоп кеткендерине. Аяк-башы 70 киши иштейт. Бригадам ынтымактуу, ошон үчүн ушундай иштер жасалып атат да.

Июнь айынын ортосунан баштап, сугат суулары коё бериле баштайт. Балээнин баары ошондо башталат. Себеби, арыктардын баары таштандыга толгон. Суу арык менен келип таштандыдан тыгын пайда болуп анан суу, ташыйт. Ал суу биз акча коротуп жасаткан жолубузду каптап, эмгегибиз талаага кетеби деп корком. Өзгөчө Гагарин менен Репина көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнү тазалатпаса иш чатак болот. Квартал башчыларынан, көчөнүн тургундарынан өтүнөрүм, ар ким  өзүнүн эшигинин алдын, суу  өткөн арыкты тазалашса өздөрүнө да, бизге да жакшы болмок. “Жол – Кудайдын дасторкону” дейт, жолубузду дасторкондой таза уруналы деп айткым келет.

- Ушул ишке өзүңөрдөн башка эч ким колдоо көргөзгөн жокпу?

– ОсОО “Коммуникейшен Трансгрупптун” генералдык директору Абдыжалилов Улан Насипбекович да бизге жакшы колдоо көргөздү. Учурдан пайдаланып, рахматымды айтып  кетким келет. Дагы Маликов көчөсүнүн жашоочусу Замир байкеге да чоң рахмат. Ушул киши коңшуларына түшүндүрүп, жолго акча бөлдүрүп, бизге  абдан зор жардамын тийгизди. Мына замир байке  жанымда турат, өзү деле айтып берсин.

- Замир байке, көчөнүн тургуну катары колдоо көрсөткөнүңүздүн себеби?

– Жакшы ишке колдоо көрсөткөнгө не жетсин. 10 жыл жашайбызбы, 30 жыл жашайбызбы, көчөбүз түз, жаркырап турганы өзүбүзгө эле ыңгайлуу да. Элдер да туура түшүнүшсө, ар ким өзүнүн эшигинин алдын таза кармап, түздөп койсо, ал деле бир топ жардам болмок.

 

Алина Идирисова:

- Мен ушул Маликова көчөсүндө көп жылдан бери турам.  Деги ушул көчөбүздүн бактысы ачылбай койду. Депутаттар келет шайлоо убагында, кыйратабыз, асмандагы айды алып беребиз деп. Шайлоо бүттү, булар да оомийин “Кайдан көрдүм, кара эшек, жолдон көрдүм – жоор эшек” болот. Жанагы бир депутатыңар бар го, Турсунбай Бакир уулу деген, 3-4 жыл мурун ал да келди эле. Ал да кабат-кабат убада берген, таш балээ жок. Дагы ушул 136-маршруттун айдоочуларына рахмат, минтип оңдошуп жоктон көрө жогору болуп калды.

– Ошол Турсунбай Бакир уулунун илгери ушул Маликова көчөсүндө офиси да бар болчу, азыр 26-27 киши ушул жерде квартирант болуп жашайт. Ушул жерде офисте туруп, жолго кенедей жардам кылган жок. Бул депутаттарың убада бергенге эле маш немелер окшойт.

 

Жээналы, №136-каттамдын айдоочусу:

- Жээналы мырза, бул жол оңдолгондон кийинки ой-пикириңиз кандай?

– Башкасын билбейм, шоопурлар жыргап эле калдык. Жолдун начарынан канча машине керектен чыкты. Азыр мурункуга салыштырмалуу аябай эле жакшы болуп калды. Эгер чоңдорубуз уйкусунан “ойгонуп” жолго асфальт төшөтүп берсе, анда аларга көчөлөрдүн тургундарынан жана биздин жамааттан алкыш сөз угуп, бата алып кетмек.

Рахатбек РЫСАЛИЕВ

Айбат гезити №80



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru