Айбат » Салттуу музыканын устаты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Салттуу музыканын устаты

Нурак АбдырахмановКыргыз эли чоң жоготууга учурап турган кези. Анткени кыргыздын ак калпагын жана комузун колдон түшүрбөй, көптөгөн мамлекеттерге кыргыздын маданиятын даңазалап келген, “Өмүр бизден өтүп кетсе эл эмгектен эскерсин” дегендей кечээ жакында тагыраак айтканда 26-майда айыкпаган дарттын айынан көз жумган, Кыргызстанга аттын кашкасындай таанымал күүчү, аткаруучу, ырчы, Кыргызстанга эмгеги сиңген, көптөгөн лаурэаттардын жана сыйлыктардын ээси Нурак Абдырахмановдун өмүр баяны жана чыгармачылыгы тууралуу эмгегин эскере кетпесе болбос.

Нурак Абдрахманов 1947-жылы 10-октябрда, Ак-Талаа районунун, Куртка айылында жарык дүйнөгө келген, комузчу, күүчү, ырчы-аткаруучу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. Атасы Абдырахмандын таасири менен 6 жаш курагында комуз чертип баштап, Тоголок-Молдо айылында, кийинчерээк Ак-Талаа аймагында «бала комузчу» деп атала баштайт. Себеби, 12 жаш курагында айылдык комузчулардын черткен күүлөрүнөн сырткары Карамолдо, Ыбырай, Атай, Токтогул сыяктуу алп комузчулардын патефонго жазылган 40тан ашык күүлөрүн үйрөнүп, ар кандай концерт-салтанаттарда, сахналарда аткара билген.1962 жылы, 15 жаш курагында эмгекчилердин өз демилгелүү кароо-сынагына катышып, райондо, облуста жана республикалык сынактарда, комузчулар арасында биринчиликти жеңип алган. Ошол жылдан баштап республикалык жана Бүткүл Союздук кароо сынактарда комуз өнөрчүлүгү боюнча байгелүү орундарга татыктуу болуу менен бирге ал учурдагы улуу устаттар Шекербек Шеркулов, Абдыкерим Мокоев, Асаналы Кыштобаев, Абдырахман Кыдырбаев сыяктуу көптөгөн улуу өнөрпоздордун таалимин алат. Алардын ар бири Нурактын жөндөмүн жогору баалап, күү чертүүдөгү татаал ыкмаларды жан дили менен үйрөтүшкөн. 1964 жылы орто мектепти бүтүргөндөн кийин Токмоктогу Маданий-агартуу окуу жайына кабыл алынат. Ал окуу жайды 1967- жылы бүтүрүп, эмгек жолун өз айылындагы клубдун башчысы болуп иштөөдөн баштайт. 1967 жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүткөн. 1967 жана 1970-жылдары Тоголок Молдо айылында клуб башчысы, 1970-1974 -жылдары Ак-Талаа райондук маданият үйүнүн башчысы. Ал жылдарда маданият үйүнүн алдында комузчулар ансамблин, драмалык коллектив, хор коллективи жана эстрадалык ансамблди камтыган «Шаттык» аттуу өздүк көркөм чыгармачылык ийримин түзөт. Тез эле «Сайра комуз», «Тогуз кайрык», «Эл чыгармачылыгы» сыяктуу телесынактарга катышып, республикалык деңгээлде дайыма биринчи орундарды жеңип алып турган. “Өнөрүң болсо өргө чап” дегендей 1974 жылдан баштап Ак-Талаа райондук балдар музыкалык мектебине мугалимдик, кийинки жылы директорлук кызматка дайындалат (1982 жылга чейин ). 1976 жылы балдар музыкалык мектептеринин республикалык конкурсуна катышып гран-при сыйлыгын жеңип алып, маданият министрлигинин «Ардак грамотасы» менен сыйланат. Ошол жылдарда ал окуткан шакирттери балдар музыкалык мектептеринин республикалык конкурстарында жыл сайын байгелүү орундарды жеңип алуу менен ар кандай областтык, республикалык салтанат-жыйындарга концертке чакырылып турган. 1982— 1986 жылдары Аламүдүн райондук маданият үйүнүн директору болуп өзүнүн ишин аткарып келген. Бир кыйла жогорку даражадагы сыйлыктарды жеңгенден баштап, өзүнүн чыгармачылыгында да олуттуу өсүштөр болуп, комузчулук өнөрүндө күү жаратуу жагына ык коё баштайт. Алгачкы «Кулгунчак», «Ата мурасы» күүлөрүн жаратат. “Кулунчак” күүсү шакирттери тарабынан республикалык деңгээлдеги конкурстарда аткарылса, «Ата мурасы» деген күүсү кыргыз – казак аксакалдарынын көптөгөн ыраазылык каттарын алууга арзыйт. Ага катар “Соң-Көл”, “Улуу-Тоолор” деген күүлөрүн жаратып, күүчүлүк өнөргө ишенимдүү кадам таштайт. 1983-жылдан баштап Аламүдүн районундагы Аламүдүн совхозунун маданият үйүнүнүн башчысы болуп иштеп турган убакта республикада эң алгачкы «Мурас» фольклордук-этнографиялык ансамблин түзгөн. Ал ансамбль республикалык конкурстарда байгелүү орундарды жеңип жана 1986-жылы Москва шаарындагы Эл чарбасы жетишкендиктеринин көргөзмөсүнө ийгиликтүү катышып келген. 1986-жылдан Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын “Камбаркан” этнографиялык ансамблинин солисти.Камбаркан тобу 1987-жылы гана ачылган. 1987-жылы Маданият министрлигинин чечими менен Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын «Камбаркан» ансамблине ырчы-солист болуп кабыл алынган. Анын аткаруусунда элге белгисиз эң эски элдик күү, ыр-обондордон баштап ХХ кылымдын башында жашап өткөн Боогачы, Сыртпай, Сооронбек, Кашкаары, Атай, Муса, Калмураттардын чыгармалары элдин рух дүйнөсүнө жаңы дем менен тартууланып, сенсация жаратты. Түркия, Германия, Франция, Бельгия, Португалия, Япония, Америка жана башка өлкөлөрдө гастролдо болгон. Комузчу-аткаруучу катары Кара Молдо, Ыбырай, Ниязаалы, Токтогул, Музооке, Чалагыз, Шекербек жана башка күүлөрүн, Сартбай, Муса, Атай, Боогачы, Жумамүдүн, Бектемир жана башка ырларын өзгөчө чеберчиликте аткарат.

Нурак АбдырахмановНурак Абдыракманов “Ата мурас”, “Соң-Көл”, “Улуу тоолор”, “Эне жүрөгү”, “Жаңырык”, “Шаттык”, “Өмүр көчү” сыяктуу классикалык үлгүдө чыгарган күүлөрдүн автору.

Уста катары Темир комуз, комуз, кыл кыяк жасайт, ээр чабат. Күүлөрү жана ырлары «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук ансамблинин комузчулар ансамблине жетекчилик кылуу менен байыртан келе жаткан салттуу музыкабыздын билерманы катары насаатчылык милдетти дагы аткарып келген. Нурак Абдырахмановдун күүлөрү өтө ар тараптуу жана түрдүү ыкмаларга бай. Анын анчалык бийик деңгээлге көтөрүлүүсүнө табият тартуулаган комузчулук дараметинен сырткары, көптөгөн эски комузчулардан муундан-муунга өтүп, сакталып келген түрдүү ыкмаларды үйрөнүп калуусу себеп болгон. Анын аткаруусундагы күүлөр жана ырлар кыргыз калкы эле эмес дүйнө элдеринин сахналарында зор кызыгуу жаратууда. «Камбаркан» ансамбли менен бирдикте жана жеке өз бетинче чакыруулар менен барган эл аралык фестивалдарда дүйнөнүн элдерине көп жылдар бою кыргыз калкынын салттуу музыкасын жогорку деңгээлде даңазалап келди.

Сыйлыктарынан ала кетсек 1992-жылы маданиятка сиңирген көп жылдык эмгегинин үзүрү катары «Кыргыз республикасына эмгек сиңирген артист» деген наам берилген. 2001-жылы Самаркант шаарында ЮНЕСКО тарабынан уюшулган Салттуу ырлардын (Шарк Тароналары) эл аралык конкурсуна катышып, атайын байгесин жеңип, «Салттуу музыканын устаты» деген сертификатын алган. Кыргыз элдик музыка казынасына күү багытында эң чоң эмгек сиңиргендиги музыка билермандары тарабынан жана эл ичинде өтө жогору бааланып келе жатат. 1979-жылдан баштап чыгарган «Ата мурасы», «Улуу тоолор», «Соң-Көл» баштаган 14 күүсү кыргыз музыка казынасын толуктады. Бул күүлөрү кыргыз музыкасында жаңы багыттагы табылгалар катары бааланып, Кыргыз радиосунун алтын казынасына 1983-жылдан баштап кабыл алынып, радио-теле берүүлөрдө өзүнчө жана ар кандай теле-радио берүүлөргө шөкөт катары дайыма уктурулуп, элдин сүйгөн чыгармаларына айланды. 1995-жылы ай сайын эки ирет көрсөтүлгөн «Күүнүн сыры» аттуу теле берүүдөн анын аткаруусундагы көптөгөн күүлөр жыл бою тарых-таржымалы менен кошо көрсөтүлүп турду. Ошончолук көптөгөн күүлөрдү кайталоосуз аткарып туруу, анын музыка багытындагы чоң дараметинин кашкайган далили.

Эмгектери. Нурак Абдырахмановдун аткарган жана чыгарган күүлөрүн даңазалаган эмгектеринен эң алгачкы жолу 1985-жылы «Комузчу Нурак Абдырахманов» деген аталыштагы грампластинкасы чыккан. 1987-жылы «Нурак Абдырахманов ырдайт» деген грампластинкасы, 1995-жылы Жапонияда, 1997-жылы Франциянын «ОКОRA» мамлекеттик радиосу тарабынан, 2001-жылы АКШда жана 2000-жылы Чехияда альбомдору чыгарылып, дүйнө элдерине уктурулуп келген. Анын көптөгөн чыгармаларына катар темир комуз үчүн чыгарылган «Жибек жол» деген күүсү сахналарында өтө кызыгуу менен кабыл алынууда. Ага катар «Так теке» өнөрчүлүгүн дагы өзгөчө деңгээлге көтөрүп, дүйнө элдерине даңазалап келе жатат. 2007-жылы Бишкекте чыгарылган альбомунда өздүк чыгармаларынан «Аттилахан», «Азаттык камбаркан», «Улуу тоолор», «Сары-Өзөк», «Найман эне» жана башка көптөгөн күүлөрү жана «Бул дүйнө», «Аппак сүйүү тартуула!» сыяктуу обондуу ырлары бар. Андан сырткары 2009-жылы «Нурактын күүлөрү» деген аталыш менен анын чыгарган чыгармаларынын арасынан 17 залкар күүсү нотага түшүрүлүп, өзүнчө көлөмдүү китеп болуп чыкты.

Канат КЕБЕКОВ

Айбат гезити №80



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru