Айбат » Non Stop дуэтинин солисти дипломдуу болду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Non Stop дуэтинин солисти дипломдуу болду

NonStop by bekturb24 май күнү популярдуу NON STOP дуэтинин солисти Чолпон Талипбек  Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетин аяктап, дипломго ээ болуп, кубанычы койнуна батпай жаткан учуру. 5 жыл ичинде ырчы айым радио жана ТВ жаатында адис болуп чыкты. Белгилүү болгондой, Чолпондун дипломдук иши көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын 8 жолку чемпиону Айнура Шаршембиева тууралуу болду.

Чолпон ТалипбекЫрчы айымдын айтымында, ага белгилүү телеканалдардын биринде иштөө жана өзү окуп бүткөн окуу жайында сабак берүүнү сунуш кылышууда. Ал эми чыгармачылык тууралуу сөз кылсак, NON STOP дуэти жаңы клип тарттырууга даярдык көрүп жаткан учуру. Чыдамсыздык менен күтөбүз!

Айбат гезити №80




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru