Айбат » Бишкекте шахмат боюнча өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » Бишкекте шахмат боюнча өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды

Шахматы27-майда Бишкекте шахмат боюнча өлкө чемпиондугунун жогорку лигасында жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кыз-келиндер жана уландар арасындагы биринчиликке 12ден шахматчы катышты. Жалпысынан 11 тур оюндары ойнолуп, атаандаштар өз ара беттеш өткөрүп чыгышты. Жыйынтыгында уландар арасында Семетей Төлөгөнтегин жеңишке жетишсе, кыздар арасында Александра Самаганова чемпион болду. Маалым болгондой, алдыңкы 5 орундун ээлери быйыл өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасында Кыргызстандын намысын коргой турган курамга киришти.

Айбат гезити №80



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru