Айбат » Атамбаев: Убагы келгенде биз электр энергиясын Казакстан менен Россияга сатабыз

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Атамбаев: Убагы келгенде биз электр энергиясын Казакстан менен Россияга сатабыз

атамбаевБүгүн, 12-июнда Жогорку Нарын каскады ГЭСинин курулушунун пайдубалын түптөп жатып, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ГЭС каскадынын курулушу аркылуу миңдеген жумушчу орундар түзүлөөрүн айтты.

“Бүгүн биз ГЭСтин пайдубалын түптөөнү баштайбыз, бирок эң аз дегенде алты ГЭСти куруш керек. Эң башкысы жаштардын жумушчу орундары болот, бул Нарын аймагы үчүн абдан пайдалуу жана экономикалык жактан ыңгайлуу. Кимдир-бирөө мени романтик деп атоосу жана башталган ишти аягына чыгарарыма ишенбеши мүмкүн. Бирок мен дайыма акты-ак, караны-кара деп келгем. “Датка” подстанциясынын курулушу аяктап калды, ал бүтсө түштүк Өзбекстан аркылуу эмес, өзүбүздүн аймак аркылуу электр энергиясы менен камсыздалат. Кийинчерээк биз Датка – Кемин линиясын курабыз жана Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна ушул жылдын күзүндө капсула төшөйбүз. Акырындап биздин өлкө толук бойдон энергетикалык көз карандысыздыкка жетишет, биз энергияны Казакстан менен Россияга сатабыз”,- дейт Атамбаев.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru