Айбат » Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков ээлеген кызматынан бошотулду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков ээлеген кызматынан бошотулду

Сергей ДворянковФутбол боюнча АФКнын Чакырык Кубогунда ийгиликсиз оюн көрсөткөн соң Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков ээлеген кызматынан бошотулду. “С.Дворянков 2012-жылдын декабрь айынан тарта курама команданы машыктырып келген. Келишим боюнча ал курама команданы АФКнын Чакырык Кубогуна алып барып келмек. Жакын арада анын ишине тиешелүү баа берилет”,- деп билдирди 28-майда КРнын Футбол федерациясынын кызматкери Канат Асенов .

Кошумчалай кетсек, курама команданы машыктырганга чейин бишкектик “Дордой” футболдук клубу менен иштешкен Сергей Дворянков аталган клубдагы ээлеген кызматынан өткөн жылы бошотулган.

Айбат гезити №80



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru