Айбат » Веложарышчы Евгений Ваккер Азия чемпиондугуна катышууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » Веложарышчы Евгений Ваккер Азия чемпиондугуна катышууда

OLYMPUS DIGITAL CAMERAВеложарыш боюнча Азиянын 4 жолку чемпиону, кыргызстандык Евгений Ваккер 26-майда Астана (Казакстан) шаарында старт алган Азия чемпиондугуна катышууда. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, 2-июнда жыйынтыктала турган Азия чемпиондугунда Ваккер жеке жарыштарда 50 чакырым аралыкта жана топтук жарышта 180 чакырым аралыкта трассага чыгат.

Кошумчалай кетсек, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги каржылаган Евгений Ваккер 11 жылдан бери Азия чемпиондугунда байге ээси болуп келет. Ал 4 ирет алтын, 4 ирет күмүш жана 3 ирет коло медаль тагынган.

Айбат гезити №80




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru