Айбат » Балдар биздин келечек

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Балдар биздин келечек

Аянычтуу көздөр
Бул дүйнөнүн кызыгы эмнеде? Албетте, бул дүйнөнүн кызыгы ата-энең болуп саналат. Алардын мээримдери жана камкордугу бала үчүн эң биринчи орунда турат эмеспи. Жыл өткөн сайын балдардын жетим калуусу күн санап күчөп келе жатканы жашыруун эмес. Эң кейиштүүсү жетим калган балдар аталык жана апалык мээримдин нурунан азыктанбай жатканы. Алардын эң биринчи тилектери ата-эненин мээримине, алардын кучагына ойноп жылуу сөздөрдү угуу болуп саналат. Бүгүнкү биздин бул макалабыз 1-июнга караштуу болмокчу.
Ата-бабыздын  убагындагы заманабыз, алтын замандардан десек болот. Анткени, ал заман маңыздуу, маданияттуу, мээримдүү болгон. Ал заманда бүгүнкү күндөй өз балдарына кайдыгер караган эмес, керек болсо өз балдарын көкөлөтүп, колдоруна көтөрүп багып алышкан. Ал эми азыркы заманыбыз,  ата-бабыздын заманынын чаңында эле калса керек. Бүгүнкү биздин адамдарыбыздын көбүнчөсүн таш боорлук  курчап алганбы, айтор жетим балдардын көбөйгөнү күч алып баратат. Азыркы учурда Кыргызстанда 11 миң жетим балдар жана 117 интернат үйү бар. Бул 11 миң жетим балдардын ар бири ата-эненин мээримдерин, жылуу сөздөрүн жаздык астында көз жаш агызып самап жатышат. Жыл сайын 1-июнда  бул балдар жакшы маанай тартылоочу белектерди, үмүттү көздөрү менен терезени карап келишет.
1-июнь балдарды коргоо күнүнүн тарых таржымалына көңүлүңөрдү бурабыз.Экинчи дүйнөлүк согушта эң көп кордук көргөн, эң көп өлүмгө дуушар болгон – балдар болчу. Ошондуктан 1949-жылы Аялдар конгресси балдар маселесин көтөрүп чыгышкан. Ошол кезде кароосуз калган, концлагердин азабын тарткан миллиондогон балдар кор болгон. Мындай ырайымсыздыкты согуш гана алып келет. Ошондуктан эң коркунучтуу азапты алып келген экинчи дүйнөлүк согуш тарыхта калбадыбы. Анан 1949-жылы Эларалык демократиялык аялдар федерациясы ушул 1-июнду балдарды коргоо күнү катары белгиленсин деген сунушту алып чыгышкан. Эч кандай күнөөсүз балдар беш жыл кор болуп калышты деген тыянак менен майрам күнүн белгилешкен. Кийин 1950-жылы официалдуу майрам катары кабыл алынган.
1032Ушул күнү балдарды кордуктардан коргойлу, чоңдор өзүбүздүн эле эмес, өзгөнүн да балдарын коргогонго милдеттүүбүз деген декларацияны иштеп чыгышкан.
Балдардын укугу жөнүндөгү Конвенция 1990-жылы күчүнө кирген. Конвенция балдарды зордук-зомбулуктан, кайдигерликтен, дайын жок иштетүүдөн коргой турган документ экенин тастыктаган. Бирок, ага карабастан, балдардын укугу корголбой эле калды. Керек болсо, окубаганы окубай, жоголгону жоголуп, сатылганы сатылып, иштегени иштеп эле жатпайбы. Алардын укугун коргогон киши жок. Маселен, алыс барбай эле өзүбүздү алалы. Кыштын кыраан чилдесинде, жайдын мээни кайнаткан аптабында 7-15 жаштагы айрым балдар базар аралап өзүнөн эки эсе чоң тачкени сүйрөшсө (келечекте ден соолугуна кандай зыян алып келип атканы менен иши да жок, акча болсо болду), экинчилери Кытайдын бут майлаган сасык майларын жыттап, элдердин кир бут кийимдерин тазалап, үчүнчүлөрү, трассага чыгып, катуу келаткан унааларды сүзүрө качырып тилемчи кылып жүрүшөт.
БУУнун билдирүүсүнө караганда дүйнө жүзүндөгү тирешүүлөрдүн жана кедейчиликтин айынан корголууга муктаж балдардын саны жыл сайын өсүп келет. 50-60 миң бала оор жумуштарга иштегенге мажбур. Бир миллионго чукул балдар зордук-зомбулукка дуушар болушуп, же бирөөлөргө кул катары сатылышат. Ал эми 18 жашка чейинки 300 миң бала 30 мамлекетте болуп жаткан аскердик тирешүүлөргө катышып келишет. Жыл сайын 10000 бала миналарга жарылып, же жарадар болушат. Ал эми бир нече белгисиз сандагы балдар үйлөрүндө, мектепте, коомчулукта ырайымсыз мамилеге туш болушаары дайын.
Жаштайынан күнүмдүк жашоо үчүн күрөшкөн бала, албетте, чоңойгондо мокок, жетелеме, өзүнүн укугун коргой албай, айрымдары кылмыш чөйрөсүнө кирсе, экинчилери, кордукту көтөрө албай өзүн-өзү өлтүрүп тынышат.
Кароосуз калган балдардын саны азайса деген тилек ар бир атуулдун, мээримдүү адамдардын тилеги болуш керек. 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата, Кыргызстанда жыл сайын  ар кандай кайрымдуулук иш чаралар өтүп келет. Быйылкы жылы да, биздин жаш жеткинчектерибизге жакшы маанай тартуулай турган иш чаралар көп болсун деген тилегим менен бирге, келе жаткан майрамыңар менен  куттуктап кетейин.

Рахатбек РЫСАЛИЕВ

Айбат гезити №80



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru