Айбат » Жумгалдын Кызыл-Жылдыз айылында тубаса дудук кыз зордукталды.

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » Жумгалдын Кызыл-Жылдыз айылында тубаса дудук кыз зордукталды.

дудукКыргыздар качан эже-карындаштарга кол көтөрүп, зордуктады деп укчу элек. Акыркы учурда мындай чуулгандуу окуялар конумуш адатка айланып бараткансыйт.  Жумгал РИИБнин башчысынын орун басары Каныбек Чолпонбаев аймактык кабарчыга билдирген. Анын берген маалыматына карасак, 22-май күнү саат 23:40дар чамасында милиция кызматкерлерине Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынан кыз зордуктоо боюнча билдирүү келип түшкөн. Жабырлануучу Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну, II топтогу майып А.К. тубаса дудук жана кулагы укпайт. Ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери барганда кылмышкер качып кетүүгө үлгүргөн. Бирок, Жумгал РИИБнин кызматкерлери изин суутпай, 23–май күнү жашынып жаткан жеринен кармап келишкен. Кылмышкер 1981-жылы туулган Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну, үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы Садыков Руслан Кадырбекович болуп чыккан. Р.Садыков буга чейин да кыз зордуктоо боюнча соттолуп, боштондукка чыкканына 9 гана күн болгон. «Учурда кылмышкер күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, Жумгал РИИБнин убактылуу кармоочу жайында камакта. Учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат»,- деди К.Чолпонбаев.

Айбат гезити №80




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru