Айбат » Инвестициялык климаттын жакшырышы өлкө экономикасынын өргө карай кетишине өбөлгө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Инвестициялык климаттын жакшырышы өлкө экономикасынын өргө карай кетишине өбөлгө

инвестицияКыргыз экономикасынын бүгүнкү абалы «Кумтөр» ишканасы менен өтө тыгыз байланыштуу экендигин тана албайбыз. Илгертеден мал менен оокат-тиричилигин өткөрүп келген элибиз өзгөчө уй  баласын баалап, анын сүтү менен түрдүү тамак-аштарды жасап, анан сүттү көп берген уй, сүт бербеген уй деп бөлүп карашкан эмеспи? Ага байланыштуу сүттү көп берген уйду асырап багышып, сүт бербеген уйду семиртип, кышкы согумга даярдашкан. Мына ушундай образ менен айтканда «Кумтөр» компаниясы кыргыз элинин учурдагы сүттүү ую болуп отурат. Бул ишкана өлкө экономикасына эбегейсиз салымын кошуу менен бирге, карапайым калк арасындагы социалдык көйгөйлөрдү да чечип, демөөрчүлүк жардамдарын көрсөтүп келет. Демек, биз бул ишканадан сүттүү уйдан сүт, каймак, май, айран, сүзмө алгандай эле өлкө казынасы үчүн салык, бажы жана социалдык фондго төлөмдөрдү өз учурунда алып, андан сырткары Ысык-Көл облусунун аймагында мектеп имараттарын, спорт залдарын, спорттук аянтчаларды, маданият үйлөрүн, жолдорду курдуруп да, оңдотуп да келебиз. Өткөн жылы «Кумтөр» өлкө казынасына салык, бажы, социалдык фондго жана башка милдеттүү төлөмдөрүн кошкондо 108 миллион доллардан ашуун акча каражатын которгон. Муну кыргыз сомуна которгондо 5 миллиард 350 миллион сомду түздү. Ал эми аффинаж үчүн төлөмдөр, жергиликтүү компаниялар тарабынан көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр жана товарлар үчүн төлөнгөн акча каражаттары, демөөрчүлүк иштерине кеткен каражаттарды эсептей турган болсок, өтө эле ири сумманы түзөт. Кыргызстандын бюджетине мынчалык олуттуу салымын кошкон азырынча бир дагы ишкана жок. Тескерисинче айрым мамлекеттик ишканалар карызга белчесинен батып, өлкөбүз үчүн кошумча жүк болуп отурат. Ал эми «Кумтөр» ишканасы ар кандай саясатташып кеткен бут тосууларга карабастан, үстүбүздөгү 2014-жылдын биринчи кварталында эле өлкө казынасына 2,23 миллиард сом суммадагы салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгондугу белгилүү болду. үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында алтын кенинде 3 202 тонна алтын өндүрүлгөн. Өткөн жылдын ушул эле айларында 2,787 тонна алтын өндүрүлгөнүн эске алганда бул жылкы көрсөткүч бир топ жогору экендигин билебиз.  Жалпы жонунан 2014-жылы «Кумтөрдө» 17,1-18,7 тонна алтын өндүрүү пландаштырылган. Бул пландын 50 пайыздан ашуун жылдын акыркы кварталында өндүрүлөт. Алгачкы үч айдын жыйынтыктары алтын кени өз планын толугу менен аткара ала тургандыгына толук негиз бере алат. Өлкөбүздө канчалык стабилдүүлүк болуп турса, экономикабыз үчүн ошончолук пайдалуу. Себеби «Кумтөр» өңдүү ири бизнес долбоорлору тынчтыкты сүйөт. Негизи эле жалпы инвестициялык климат үчүн стабилдүүлүк зор мааниге ээ. Ал эми инвестициялык климаттын жакшырышы өлкөбүздүн өнүгүшүнө, элибиздин жашоо-шартынын жакшырышына өбөлгө.

Айбат гезити №80




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru