Айбат » Кайрымдуулук акция

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кайрымдуулук акция

кайрымдуулук

126-27-май күндөрү  1-июнь  балдарды  коргоо  күнүнө  карата  Кочкор  райондук  жаштар консультациялык  кеңеши  жана  Кочкор  райондук  социоалдык  өнүүгү  башкармалыгы, И.Арабаев  атындагы  орто  мектептин  окуучулары  менен  биргеликте  «Биздин балдар планетанын келечеги» деген  ураан  астында  акция  болуп  өттү.  Акцияга  Кочкор  айылынын  200 дөй  жеке  ишкерлер, кайрымдуулук  кылууга  кайдыгер  карабаган  жергиликтүү  тургундар катышышты. Мүмкүнчүлүгү  чектелүү  жана  ошондой  эле  тоголок  жетим,  жарым

жетим, уй-бүлөөлүк  абалы  начар  30 үй-бүлөөгө , 75 балага  азык-түлүк  жана  кийим  кече, окуу  куралдары тапшырылып берилди. Акцияга  Кочкор  райондук  мамлекеттик  администрациясынын   орун басары Садыкова Элмира, Райондук социалдык өнүктүрүү  башкармалыгынын  начальниги Абдымамытов  Баатырбек  катышышты. Жаш таланттуу бийчилер да келип, келген  конокт орго өнөрлөрүн  көрсөтүп  беришти. Мындан сырткары  келген кичинекей бөбөктөр,  өзүлөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүшүп  ыр бий тартуулашты. 1032Акциянын аягында бардык келгендерге 100 даана бал муздак таратылды. Ушул акцияга  катышкан  бардык  Кочкор районунун  тургундарына Райондук  жаштар  консультациялык  кеңешинин төрагасы  Асанбай уулу  Мирбек өзүнүн ыраазычылыгын билдирип  өттү.

Айбат гезити №80



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru