Айбат » Кайнене менен тил табышуунун жолдору

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кайнене менен тил табышуунун жолдору

кайнэне жана келиниАлгач үйдүн босогосун аттап кирген келин  эң биринчи эле кайненеси жакшы адам болсо деп тиленгени тиленген.  Кайнене менен кантип тил табышып, кантип ал адамга жагам деген ойлор башын маң кылат эмеспи. Мына бүгүнкү кеңешибиз  кайнене менен болгон мамилелер жөнүндө болмокчу.

1- Алгач баргандан баштап өзүңүздүн кызыкчылыгыңыз үчүн кайненеңизден тамак жасаганды үйрөнүңүз. Жасаган тамагыңыз жолдошуңуздун эсине апасынын тамагын салса, ал ошончолук сизге жакын болот. Ашкананы эле эмес, үйдүн ичиндеги нерселерди да мурда кайненеңиз кандай жайгаштырып жүрсө, азырынча дал ошондой бойдон калтыра туруңуз.

2- Ар бир эле кайнене келининин өзү менен кеңешип иш кылышын каалайт. Кайненеңиз менен достошуп, тамырын эртерээк тарткыңыз келсе, кандайдыр бир иштер тууралуу кеңеш сурап койгонуңуз ашыктык кылбайт. Бирок акыркы чечимди өзүңүз кабыл аласыз.

3- Өз алдынча иш кылуу менен уруксат суроонун айырмасын билиңиз. Мисалы: кайненеңизге “бүгүн эмне тамак жасайын?” деген суроо менен кайрылууңуз мүмкүн. Эгер улам сайын “муну эмне кылайын, тигини эмне кылайын?” деп сурай берсеңиз эч нерсени билбеген адамдай сезим калтырасыз. Кээде сурагандан уялып, өз алдыңызча иш кыла берсеңиз “өзүн өзү билип жатат” деген ойдо калат. Ошондуктан майда болгону менен маанилүү нерселерди ажырата билип, кыраакы болуңуз.

4- Кайненеңизди күйөөңүзгө эч убакта жамандабаңыз. Аялдардын эң чоң катачылыгы-кайнене менен келиндин ортосундагы чырды күйөө чечет деген түшүнүктө жашаганы. Мындайда жолдошуңуз өйдө тартса өгүз өлүп, ылдый тартса араба сынгандай абалда ара жолдо чайналат. Мүнөзү өзгөрүп, орой, кырс болуп кетиши да мүмкүн. Акылдуу эркек эч качан апасын аялына алмаштырбасын унутпаңыз.

5- Кайненеңиздин көзүнчө күйөөңүз менен урушпаңыз. Анткени баласына жан тартып, сизди жаман көрүп калышы ыктымал. Жолдошуңузга да айта турган нерсесин эл жок жерде айтуусун сураныңыз.

6- Жылуу сүйлөп, эч качан кабагыңызды чытыбаңыз. Жайдары мамилеге кантсе да оройлук менен жооп бере албайт. Көтөрүмдүү, кечиримдүү болсоңуз, ортодогу мамиле бир нукка түшөт. Мүнөзү канчалык татаал болбосун, сүйүктүү адамыңызды төрөп, багып өстүргөн адам катары ар убак сыйлаңыз.

7- Айрым кайненелер уулун келининен кызганып, баласына аялга кандай мамиле кылуу керектигин айта бериши мүмкүн. Бул учурда күйөөңүздү өз жайына коюңуз. Сизди кандай жол менен башкарууну өзү билет. Апасынын тилине киреби, өзүнүн акылы менен башкарабы аны акырындап байкайсыз.

8- Мактоо сөз айткандан качпаңыз. Жылуу сөз кимди болсо да жибитет. Жасаган тамагың, кылган ишиң, мээримдүүлүгүн кези келгенде айтып коюу сиз үчүн кыйынчылык туудурбаса деле керек.

9- Чогуу жумуш жасап көрүңүз. Үйдү оңдоп-түздөө же тамак жасоо деген сыяктуу. Балким экөөңүздөрдүн табитиңер окшош чыгып, пикириңиздер келишип калса ажеп эмес.

10- Кайненеңиз да бир убакта сиздей келин болгонун, сиз да бир убакта кайнене болоруңузду эстетиңиз. Кийин уул-кызыңыздан жылуу мамиле көргүңүз келсе, улууларга жакшы мамиле кылуу керек экенин эстен чыгарбаңыз.

Айбат гезити №80




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru