Айбат » Сүйүүдө туруктуусузбу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Сүйүүдө туруктуусузбу?

Мерлин МонроСиз бир адамды сүйүп, бүт өмүрдү ага арнаганга даярсызбы? Же эркиндикти жакшы көрүп, көзүңүзгө толумдуу көрүнгөнгө эле сезимиңизди арнай бересизби? Төмөндөгү тесттен өтүп, аныктаңыз.

 

1. Сиз сүйүктүү адамыңыз менен бир топ убакыттан бери таанышсыз. Сиз:

а) бул узак мамиледен чарчап кеттиңиз;

б) ал тууралуу баарын беш колуңуздай билип алгандыктан сизге кызыксыз болуп калды;

в) мынчалык көп убакытка жолуга албачуңуз эле;

г) аны абдан жакшы көрөсүз, келечекте да бирге жашап кетүүгө көзүңүз жетет.

 

2. Сиз бир топ убакыттан бери бир адамды сыртынан жактырып, арзууңузду айта албай жүрөсүз. Бирок сиздин жашооңузда дагы бирөө пайда болду, ал сизге жакты. Мурунку адамга болгон сезимиңизди кантесиз?

а) менин эми өткөн чактагы сүйүүм калды, ошол бойдон кала берсин;

б) албетте, бул менин сүйүүм болгон, бирок өмүр бою сыйкырдуу бир күндү күтүп жашоого мүмкүн эмес да. Мен жаңы сүйүүнү тандайм;

в) алгачкы сүйүүмөн ажырашым кыйын болот. Эмне кыларымды да билбейм. Бирок аны менен мамиле болобу, жокпу белгисиз;

г) жок, мындан эч нерсе чыкпайт, мен мурунку сүйүүмдү унута албайм.

 

4. Өмүрдө канча ирет сүйүп көрдүңүз эле?

а) миң жолу;

б) он жолу болсо керек;

в) бир жолу, бирок өтө катуу;

г) таптакыр сүйгөн эмесмин.

 

5.Чыныгы сүйүү өмүрдө бир гана жолу келет деп ойлойсузбу?

а) эмнеге? Мисалы мен бир нече жолу катуу сүйүүгө кабылгам;

б) албетте, калгандары жөн гана жактыруу;

в)өмүрдө 2 же 3 жолу чыныгы сүйүү келет;

г) жооп берүү кыйын.

 

6. Сиз сүйүктүүңүздү … эсептейсиз:

а) колго биринчи тийгени;

б) абдан жакшы адам;

в) дүйнөдөгү төгөрөгү төп келишкен адам;

г) бүт өмүрүмдүн сүйүүсү катары эсептейм.

 

7. Сиздердин бирге болуп калуунуздардын себеби:

а) жалгыз зеригебиз;

б) аны менен убакыт өткөрүү жакшы;

в) аны менен өмүр бою бирге жашагым келет;

г) сүйөсүз.

 

8. Сүйүү мамилеңиздин эң узакка созулганы канча?

а) 1-2 күн;

б) бир нече ай;

в) жыл;

г) бир нече жыл.

 

9. Сүй үктүүңүз жок алыс жакка эс алууга кеттиңиз дейли, убакытты кантип өткөрөсүз?

а )жаңы тааныштарды таап алам;

б) ээн-эркин сонун эс алам;

в) көңүлүмдү көтөрүп, болушунча эс алам, бирок сүйүктүү адамымды ойлоном;

г) ага жолугууну дайыма кыялдана берем.

 

10. Сиздин оюңузча бара-бара сиздердин мамилеңиздер кандай болот деп ойлойсуз?

а) жаман жагына өзгөрөт;

б) кайталанма жана тажатма болуп калат;

в) азыркыдай ынак бойдон сакталат;

г) мындан да ысык болобуз.

 

11. Сүйүктүүңүз менен эч ким барбаган жакта өмүр бою жашай алат белеңиз?

а) жок, мен эл жок жерде көп убакыт чыдай албайм;

б) кудай билет, андай болсо бири-бирибизден тажап кетип экөөбүз эки тоонун этегине жашамакпыз го;

в) эмнеге болбосун, бул романтика да.

г) кызык суроо. Мен ал үчүн башка планетада жашаганга даярмын.

 

12. Сиздин көптөн бери сүйлөшкөн адамыңыз бар, бир күнү чогуу кечеге барып кылдыңыздар. Ал жакта сиздин көзүңүзгө жакшынакай адам урунду, сиз:

а)анын ар бир көз карашына жооп берип, жакындашууга аракет кылам;

б) маанайыма жараша болот, маанай жакшы болсо мамиле түзүп кетем;

в) бул албетте жагымдуу нерсе, бирок менин сүйүктүүм бар, аны башкага алмаштырбайм;

г) ал адамдан алыстап, көңүл бурбоого аракет кылам.

 

Жыйынтык:

Эгер “а” вариантына басым кылсаңыз:

Сизди туруктуу адам деп атоо кыйын. Бир жерге токтобогон туруксуздугуңуз бир гана сүйүүдө эмес, башка нерселерден да байкалат. Башкалардын үй-бүлө куруп жашап жатканына сиз көп учурда түшүнбөйсүз. Бирок жашоого кылган мындай мамилеңиз менен бактылуу боло албайт экениңизди эскертебиз. Туруксуздугуңуздун айынан сиз жакындарыңызды өзүңүздөн алыстатып, акыры жалгыз каларыңызды унутпаңыз.

“б” вариантына басым жасасаңыз:

Сиз өзгөрмө жана туруксуз адамсыз. Жашоодогу боло турган нерселердин баары кырдаалга жараша болот. Сүйүүңүз үчүн туруктуу, ишенимдүү боло аласыз, бирок кыйын кырдаал туулса, оңой эле сүйүүдөн баш тартып кетесиз. Мындай сапатыңыздан улам сиздин жакын досторуңуз жана жан шеригиңиз бат-бат алмашып турат. Сизди жакшы адамдардын кадырын билип, кыйын учурда да чыдамдуу болууга үндөйбүз.

“в” вариантын көп тандасаңыз:

Бул вариантты көп тандагандар сүйүүдөн ар дайым бекемдикти, ишенимдүүлүктү издешет. Мындай адам үй-бүлөнү да жакшы сактайт. Жоопкерчиликтүү, күйүмдүү болгондуктан сиздей адамдар менен мамиле куруу жеңил. Туруктуулугуңузду мындан ары да сактоону сунуштайбыз.

“г” вариантына басым жасасаңыз:

Сизди туруктуулардын туруктуусу деп атоого болот. Ишенимдүүлүгүңүз ар кандай тоскоолдуктарды да жеңе алат. Азыр ким кандай болсо, баары ошол бойдон калса дейсиз. Ар кимдин кылганын туура деп эсептей бересиз. Бирок бул туура эмес, өзүңүздү басынтканыңызды токтотуңуз. Мындай сапатыңыздан улам түгөйүңүз көзүңүзгө каратып туруп чөп салып коюшуна жол ачасыз. Андыктан өзүңүз тууралуу көбүрөөк ойлонууга аракет кылып, жеке пикириңизди билдире жүрүңүз.

Рахатбек РЫСАЛИЕВ

Айбат гезити №80



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru