Айбат » Жүрөгү – учуучу мотор

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Жүрөгү – учуучу мотор

BMW Zagat coupe

“BMW” компаниясы 1917-жылы Германиянын Айзенах шаарында негизделип, бирок, атактуу эмблемасы арадан 15 жыл өткөндөн кийин гана же өздөрүнүн алгачкы чыгарган автомобилинде пайда болгон. BMW- “Bayerische Motoren Werke” же “Бавариянын мотор заводу” деп чечмеленет. Фирма өзүнүн алгачкы иш-аракетин авиациялык кыймылдаткычтарды чыгаруудан баштаган. Ошондон улам эмблемасында төрт бөлүктөн турган канат сымал үч бурчтуктар орун алган. Антсе да аталган компаниянын авиациялык иш-аракети көмүскөдө калып, ааламга өздөрү чыгарган машиналары менен таанылды. «BMW»нын жаралуу башатында Рапп жана Отто аттуу самолёт куруу менен шуулданган эки инженер турат. Алар өздөрүнүн анча чоң эмес фирмаларын бириктирип компания түзүшөт да, жумушка Макс Фриц аттуу жаш инженерди чакырышат. Рапптын конструкциясын өркүндөткөн Фриц өзүнүн “BMW” аттуу алгачкы авиациялык моторун ойлоп табат. 1919-жылы “BMW-4” мотору орнотулган самолёт дүйнөлүк рекорд жасап, учкуч 9670 метр бийиктикке көтөрүлөт. Чынында 10 чакырым бийиктиктеги аба кысымына поршендүү кыймылдаткыч менен чыгуу сенсация болчу. Дүйнөлүк рекорддун ичинен 1927-жылы жана 1929-жылы коюлгандары ушул “BMW” моторуна таандык. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин “Версалдык келишимдин” шарты боюнча Германияга 5 жыл бою авиа кыймылдаткычтарын чыгарууга тыюу салынган. Ошондо баягы эле Макс Фриц укмуштай кыска убакытта, же 5 жуманын ичинде “BMW R32” деген мотоциклди ойлоп тапкан. Арадан 6 жыл өткөн соң ал мотоциклдин жаңы түрү саатына 216 чакырым жүрүп, дүйнөлүк рекорд койгон. Ал эми 1937-жылы болсо мотоцикл ошол учур үчүн түшкө кирбеген 279,5 чакырым/саат ылдамдыкты багындырат. 1981-жылы “BMW” чыгарган «Эндуро R 80 G/S» мотоцикли раллиге, Париж-Дакар жарышына чыгат. Кыскасы, мотоцикл чыгаруу согуш учурунда талкаланган компанияны кайрадан бутуна тургузуп, “BMW” заводу автомобиль өндүрүшүнө кирише баштаган. Жаңы машиналар жаңы технологиялар. Ар кандай үлгүлөрдүн ичинен 6 цилиндрлүү кыймылдаткычы бар “BMW-303” үлгүсүндөгү машинада биринчи жолу радиаторго мүнөздүү торчо пайда болгон. Ал эми 1936-жылы чыккан “BMW-328” спорттук үлгүсү болсо техникалык жаңылык жасаганы менен белгилүү. Башкача айтканда, “клапандуу механизмдин штангалуу жаңы системасы”, “трубка түрүндөгү рама” жана “6 цилиндрлүү кыймылдаткыч блоктун жапкычы менен” деген техникалык жаңылыктар ошондо пайда болгон. Бүгүн “BMW-328” үлгүсү табылгыстыгы үчүн легендага жана раритетке айланган. Ошондуктан, аны эч кандай акчага сатып алууга мүмкүн эмес. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин “BMW” компаниясы автомобиль өндүрүшүн кайра жандандыруу максатында “Седан-501” үлгүсүн чыгарат. Бирок, талкалаган техникалык каражаттар алдыга жылууга мүмкүндүк берген эмес. Анан 1959-жылы гана аба аркылуу муздоочу системасы бар “BMW-700” үлгүсү чыгарылып, ишкана ички кризистен чыгууга жетишкен. Ал эми негизги ийгиликти болсо “BMW-1500” үлгүсү жаратып, базарда укмуштай суроо-талапка ээ болот. 1972-жыл “BMW” үчүн келечекке ийгиликтүү кадам таштоонун жылы болот. Компаниянын жылдык кирешеси 2 миллиард маркага жетип, Мюнхендеги жаңы штаб-квартирасынын жана Дингольфиндеги тетик чогултуучу ишканасынын курулушу бүтөт. Ошондой эле Түштүк Африкада курган автомобиль жыйноочу ишканасы ишке кирет. 1977-жылы апрелде биринчи “семёркалар” пайда болуп, “BMWнын” бардык үлгүлөрү жаңыланууга өтөт. Албетте, компаниянын бардык тепкичтерин санап отурбай, анын эң бийик ийгилиги катары 1995-жылы чыккан “BMWнын” 5-сериясынан чекит койсок болот. Анткени, мына ушул 5-сериядан баштап, “BMW” машиналары бир гана өзүнүн жаңы дизайны менен айырмаланбастан, эң алдыңкы техникалык жетишкендиги менен да өзгөчө­лөнө баштаган. Айталы, машина куруу тармагында биринчи жолу “тартуучу бөлүк” толук бойдон алюминийден жасалган. Өзгөчө катуу кузов болсо кокустуктан сактануунун деңгээлин кө­төргөн.

Суперагенттер жана “гонщиктер” үчүн жаралган машина 80-жылдардын башында корпорация жогорку класстагы авто спортто да өзүн көрсөтүүнү чечет. Пауле Роше жетектеген адистер 1,5 литр көлөмдөгү 4 цилиндрлүү кыймылдаткычтан 800 литр/секунд кубаттагы өзгөчө агрегат жасап чыгышат. Bolid BMW Formula-1Ошол мотор менен алар 9 жолу “Формула-1” жарышынан Гран-Прини утуп алышкан. Анан эле “BMW” күтүүсүз “Формуладан” кетип, айланма жолдордогу жарыштарга өтүп кеткен. Бирок, мындагы натыйжаларга сөз жеткис эле. Анын жолдогу жеңиштерин, наамдарын санап отурсак сөз түгөнбөс. Ооба, кадимки супер агент 007 Жеймс Бонд “Алтын көз” тасмасында минген машина. Бул тасма кандай укмуштуу ийгиликтерге жетишкен болсо, “BMW Z3” да бестселлерге айланган. Учурда “BMW” компаниясынын башкы штаб квартирасы Мюнхен шаарында жайгашкан. Мындан сырткары, алар өздөрүнүн өндүрүшүн Германиянын 5 заводунда жана бүтүндөй дүйнөгө чачыраган 22 филиалында чыгарышат. Машиналарды болсо робот колдонбостон, кол менен чогултушат. Акыркы 30 жылдыкта бир гана “BMW” жана “Toйота” компаниялары жылдан-жылга көбөйгөн кирешенин үстүндө иштеп келүүдө. Баалары үлгүлөрүнө, сапатына жана чыккан жылына жараша болжол менен 5 миңден 150 миң доллардын тегерегинде.

Канат Кебеков

Айбат гезити №80



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru